Загрузка документа…
|
|
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Транспорт каражаттар жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды тастыктоо»
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 89-пункту, 4-глава)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты тарабынан тапшырылган негизги параметрлер:
Документтерди кабыл алуу үчүн убакыттын чеги, кезегин күтүүнү эсепке алганда – 15 мүнөт.
Акыркы натыйжаны даярдоо үчүн мөөнөттүн чеги - 1 иш күнү.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү үчүн убакыттын чеги, кезегин күтүүнү эсепке алганда – 15 мүнөт.
Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн мөөнөттүн чеги – суроо-талап жөнөтөөр замат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
2.1. Автомототранспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, тракторлор (мындан ары – транспорт каражаттары) жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө алуу үчүн жарандар төмөнкү документтерди тапшырат:
жеке жактар үчүн:
- белгилеген үлгүдөгү арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- паспорт же чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу башка документ, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда, ошондой эле жарактуу визасы бар анын көчүрмөсү;
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы. Төлөмдүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
юридикалык жактар үчүн:
- белгилеген үлгүдөгү арыз;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы. Төлөмдүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
2.2. Транспорт каражаттары жөнүндө электрондук форматта маалыматты алуу үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында же мобилдик тиркемеде төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
- транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин белгиленген формат боюнча киргизүү;
- накталай эмес төлөмдөрдү төлөө аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашыруу (мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг, банктын карталары), ошондой эле терминалдар, банктардын кассалары жана генерацияланган код боюнча төлөмдөрдү кабыл алуунун башка түйүндөр аркылуу.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен аныкталат.
Транспорт каражаттар жөнүндө маалыматтарды тастыктоо өзүнө төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
- арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын мамлекеттик номуру;
- транспорт каражатынын маркасы;
- транспорт каражатынын үлгүсү;
- транспорт каражатынын түсү;
- транспорт каражатынын чыгарылган жылы;
- транспорт каражатынын кыймылдаткычынын көлөмү;
- транспорт каражатынын рулунун жайгашкан жери;
- камакка алууда/күрөөдө транспорт каражатынын турган жери жөнүндө маалымат (камакка алынгандардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны);
- транспорт каражаты тарабынан жасалган бузуулар үчүн айыптар жөнүндө маалымат (айыптардын бар экендиги жана саны);
- транспорт каражатынын ээсинин/ээлеринин белгилүү бир мезгил ичиндеги тарыхы (ээлердин саны).
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражатынын жарандарга каттоонун бар же жок болгондугу жана Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочулук күбөлүктү алгандыгы жөнүндө кагаз түрүндөгү маалымкатты-далилдөөнү берүү;
- кароого жана басып чыгарууга мүмкүн болгон транспорт каражаттар жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта алуу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Жеке жактардан же юридикалык жактардан документтерди кабыл алуу | |
2. | «Транспорт каражаттарынын регистри», ««Айдоочулук курамдын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системаларда транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү, маалымкатты даярдоо |
|
3. | Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды далилдеген маалымкатты берүү |
|
3. Жол-жобосунун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||