Загрузка документа…
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 01-13/62 буйругуна ылайык) |
Энергетика өндүрүшүнүн ишканаларында жана мекемелеринде персонал менен иштөөнү уюштуруу Эрежелери
Кыскартуулар
АО-энерго - энергетика жана электрлештирүү боюнча аймактык акционердик коом;
ББП - башкы башкаруу щити;
ГЭС - гидроэлектростанция;
ЕЭС - бирдиктүү электр энергия системасы;
КТЦ - казан жана турбиналык цех;
КЦ - казан цехи;
ЧТД - ченемдик-техникалык документтер;
ЫТБ - ыкчам талаа бригадасы;
БЭС - Бирдиктүү энергетика системасы;
ӨК - өрт коопсуздугу;
ӨКЭ - өрт коопсуздугунун эрежелери;
ПТБ - коопсуздук техника эрежелери;
ПТЭ - электр станцияларын жана тармактарын техникалык эксплуатациялоо эрежелери;
ӨТМ - өрт-техникалык минимум КР эрежелери боюнча бардык категорияларга
ЖТА – жылуулук тармактар аймагы
РЭТ – райондук электр тармагы;
ЭКСС - эмгекти коргоо стандарттарынын системасы;
КТ - коопсуздук техникасы;
ОТБ - отун жана транспорт бөлүмү;
ТС - турбиналык цех;
ЖЭБ - жылуулук электр станциясы;
ХЦ - химиялык цех;
ЖАӨЦ - жылуулук автоматика жана өлчөө цехи;
БЖБЩ - борбордук жылуулук башкаруу щити;
ББЩ - борбордук башкаруу щити;
ЭЦ - электр цехи.
Терминдер жана аныктамалар
1. "Ишкана" - коомдук талаптарды канааттандыруу максатында продукция өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект же иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу субъект (ЖАК, ААК, филиал, электр станциясы, электр тармактар ишканасы ж.б.)
2. "Түзүмдүк бөлүм" - өз алдынча атайын белгиленген функциялары, милдеттери жана жоопкерчилиги бар ишкананын өзүнчө бөлүгү.
3. "Ишкананын жетекчилери" - ишкананын мүлкүн жана өндүрүш процесстерин башкаруучу адам, ошондой эле анын орун басарлары.
4. "Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери" - түзүмдүк бөлүмдүн ишин башкаруу үчүн дайындалган адам (башчы, мастер, жетекчи ж.б.), жана анын орун басарлары.
5. "Оперативдүү персонал" – сменада электр орнотмолорун контролдоо органдарына түздөн-түз таасир этүүчү жана электр орнотмолорун башкаруу жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин категориясы.
6. "Оперативдүү жетекчилер" - баш ийген персоналдын нөөмөтүндө, ошондой эле аларга бекитилген объекттердин (энергетикалык системалардын, электр тармактарынын, жылуулук тармактарынын, электр станцияларынын, электр объекттеринин) ишин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин категориясы.
7. "Оперативдүү-ондоочу персонал" - электр станцияларын башкаруу органдарына түздөн-түз таасир этүүгө укугу бар оңдоочу персоналдын ичинен жумушчулардын категориясы.
8. "Оңдоочу жана ишке киргизүүчү персонал" - технологиялык жабдууларды тейлөө, оңдоо, жөндөө жана сыноо менен байланышкан жумушчулардын категориясы.
9.«Алдынкы жумушчулар жана адистер» - ишкананын ишин административдик жана технологиялык жактан камсыз кылуучу кызматкерлердин категориясы.
10. "Жардамчы персонал" - энергетикалык өндүрүштүн көмөкчү кесиптериндеги жумушчулардын, ошондой эле өндүрүштүн көмөкчү тармактарындагы (транспорттук, көмөкчү жана коммуналдык чарбалар, оңдоочу цехтер ж.б.) же күчөгөн кооптуу станоктордо иштеген (иштегенде электрлештирилген жана пневматикалык аспаптарды колдонуу, ширетүү жана башка жумуштарды аткаруу, согуу жана престөө жумуштары, жүк көтөрүүчү механизмдерди колдонуу жана тейлөө, чийки заттарды жана материалдарды сактоо жана пайдалануу, курулуш-монтаждоо жана курулуш-ондоо жумуштары, транспорт каражаттарын башкаруу) жумушчулардын категориясы.
11. "Башка адистер, кызматчылар жана жумушчулар" - электр станцияларын жана башка технологиялык жабдууларды тейлөө менен байланышпаган жумушчулардын категориясы.
12. "Энерго орнотмо " - энергияны өндүрүү же трансформациялоо, берүү, сактоо, бөлүштүрүү же керектөө үчүн арналган өз ара байланышкан жабдуулардын жана курулмалардын комплекси.
13. "Жумуш орду" - эмгек ишмердүүлүгүндө кызматкерлердин туруктуу же убактылуу орду.
14. "Кадрлар менен иштөө" - персоналдын кесиптик функцияларды аткарууга даярдыгын камсыз кылуучу ишкананын өндүрүштүк ишинин багыты.
15. «Стажировка» — жумуш ордунда окуу.
16. "Кайталоо" – дублерду даярдоого жооптуу адамдын жетекчилиги астында аткарылуучу жумуш ордунда электр орнотмосун башкаруу жана жумуш ордундагы башка функциялар.
17. "Атайын даярдоо" - окуу жайларында өндүрүштүк процесстерди башкарууга, анын билимин, көндүмдөрүн калыптандырууга, уюштуруучулук-тескөөчүлүк документтерди изилдөөгө жана башкарууга системалуу түрдө окутуу аркылуу кызматкердин квалификациясын сактоонун формасы жана технологиялык бузууларды жана өрттөрдү жоюу.
18. "Квалификацияны жогорулатуу" - тиешелүү курстарда же окуу жайларында системалуу түрдө өз алдынча билим алуу, өндүрүштүк жана экономикалык окуулар, кыска мөөнөттүү жана мезгилдүү узак мөөнөттүү окутуу аркылуу ишке ашырылуучу кадрлар менен иштөөнүн формасы.
19. "Персонал менен иштөөнүн жамааттык формалары" - иштин жыйынтыгын чыгарган тематикалык кароолорду, лекцияларды, көргөзмөлөрдү жана өндүрүштүк кеңешмелерди өткөрүү, эмгектин коопсуздугуна коомдук көзөмөл уюштуруу, көргөзмө үгүт иштерин жүргүзүү, сынактарды ж.б.у.с. камтыган кошумча чаралардын комплекси.
20. "Линиялык инженердик-техникалык персонал" - курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүшүнө түздөн-түз жумуш ордунда жетекчилик кылуучу курулуш-монтаждоо уюмдарынын кызматкерлери (мастер, прораб, улук прораб, аймактык механик).
21. «Курулуш-монтаждоо жумушчулары» - курулуш-монтаждоо, курулуш индустриясы жана машина куруу ишканаларынын жумушчуларынын категориясы.
22. "Өрт-техникалык минимум" - өндүрүштүн технологиялык процессинин өзгөчөлүктөрүн, өрттү өчүрүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын эске алуу менен кызматкердин өрт коопсуздугу боюнча билиминин талап кылынган минималдуу көлөмү.
1-бөлүм. Киришүү
1. Бул Эрежелер 01.01.94-ж. күчүнө кирген тармактар аралык ченемдик документтердин талаптарын эске алат.
2. Эрежелер кызматкерлердин жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярдыгын камсыз кылуу жана дайыма контролдоо, ошондой эле алардын квалификациясын тынымсыз жогорулатуу боюнча ишканалардын ишинин формаларына жана мазмунуна талаптарды аныктайт.
3. Эрежелер долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, оңдоо, реконструкциялоо, жөндөө, сыноо, мамлекеттик энергетикалык көзөмөлдү, жабдуулардын иштешине көзөмөлдү уюштурууну, мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, электр орнотмолорунун курамына кирген имараттардын жана курулмалардын же энергия өндүрүүнүн технологиялык процессин көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу бардык уюштуруу-укуктук формадагы жана түрдөгү ишканалардын персоналы үчүн жетектөөчү документ болуп саналат.
4. Эрежелердин талаптары нускамаларда жана жоболордо, ошондой эле электр энергиясын өндүрүүчү ишканаларда колдонулуучу уюштуруу жана башкаруу документтеринде эске алынууга тийиш.
Бөлүм 2. Жалпы талаптар
5. Ишканада персонал менен иштөө - бул ишкананын бардык жетекчилеринин жана адистеринин негизги милдеттеринин бири.
Ишканада персонал менен иштөө үчүн жоопкерчиликти ушул ишкананын мүлкүн башкаруучу адам тартат.
6. Кызматкерлердин категориясына жараша персонал менен иштөөнүн формалары таблицага ылайык бекитилет.
| 1-таблица |
Персонал менен иштөө формасы | Жумушчулардын категориялары * | ||||||||
ОП | ОР | ОРП | РНП | РРС | ВП | ДС | ЛП | СМ | |
1. Стажировка жана өндүрүштө окуу менен жаңы кызматка (кесипке) даярдоо | + | + | - | - | - | - | - | - | - |
2. Иштин коопсуз ыкмаларына үйрөтүү жана стажировка | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
3. Билимди текшерүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ТЭЭ | + | + | + | + | + | - | - | + | - |
ӨКЭ | + | + | + | + | + | - | - | + | + |
Өнөр жайлык коопсуздук эрежелери | + | + | + | + | + | + | - | + | + |
КТЭ жана эмгекти коргоо инструкциясы | + | + | + | + | + | + | - | + | + |
4. Кайталоо | + | + | + | - | - | - | - | - | - |
5. Контролдук машыгуулар: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аварияга каршы | + | + | + | - | - | - | - | - | - |
Өрткө крашы | + | + | + | + | - | - | - | - | - |
6. КТ жана КЭ нускамалары боюнча: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
киришүү | + | + | + | + | + | + | + | + | + |
баштапкы | + | + | + | + | - | + | - | - | + |
кайталануучу (мезгилдүү) | + | + | + | + | - | + | - | - | + |
максаттуу (учурдагы) | + | + | + | + | + | + | + | + | + |
7. Атайын даярдык | + | + | + | - | - | - | - | - | - |
8. Өрт-техникалык минимум боюнча сабактар | - | - | - | - | - | + | + | + | + |
9. Жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүгө окутуу | + | + | + | + | + | + | + | + | + |
10. Квалификацияны жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз кесиптик окуу | + | + | + | + | + | + | + | + | + |