Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 298 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
ИИМдин 30.03.2023-ж.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
“Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин)
6-главасынын 39-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы (мындан ары – МТББ);
- Облустардын ички иштер башкармалыктарынын маалыматтык технологиялар бөлүмдөрү (мындан ары – МТ бөлүмдөрү).
2. Бул кызматтын Административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын V бөлүмүнүн 13-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы – 7 жумуш күндөн ашпайт.
Арыз электрондук форматта толтурулат жана берилет – 2-10 мүнөт.