Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2023-жылдын 30-мартындагы
№ 1 буйругуна
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин ички кызматтын атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилери погондор болуп саналат.
1. Жогорку жетекчи курамдын погондору:
1) параддык погондор:
погондор тик бурчтуу, жогорку жээги трапеция түрүндө, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, погондун жээги темгил түстөгү милтеси менен. Погондун жогорку жагында алтын түстүү топчу жайгашкан. Погондо алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги жылдыз саймаланган. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык – 50 мм;
2) күнүмдүк погондор:
погондор тик бурчтуу, жогорку жээги трапеция түрүндө (жүн кездемеден тигилген күрмөдө жана плащта – погондор тегеректелген жогорку жээги менен), зайтун түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, темгил түстөгү милтеси менен. Погондо алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги жылдыз саймаланган. Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет;
3) талаа погондору:
тик бурчтуу, тегеректелген жогорку жээги менен, коргоо түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен.
Жылдыздар, эмблемалар – коргоо түстө.