Загрузка документа…
| 2-тиркеме
БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 19 - апрель № 66 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү административдик жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” тарабынан уюштурулган жарандарды эмгек рыногунда талап кылынган республикалык бюджеттин каражатынан (бюджеттик окуту) кесиптерге окутуу
(1-бөлүм. «Билим берүү жана маданий жактан тейлөө», 110 пункт Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри (тизмеси)
1. Жалпы жоболор
1. Бул кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси (мындан ары - КӨФ) ишке ашырат.
2. Бул кызматтын административдик регламенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык келет,
3. Кызмат көрсөтүү стандарты тарабынан белгиленген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) КӨФтүн алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн аймактардагы кызыкдар окутуучу кызмат көрсөтүүчүлөрдөн арыздарды кабыл алуу;
б) жеке абитуриенттерден, иш берүүчүлөрдөн жана курстардын башка кардарларынан аларга билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн арыздарды кабыл алуу;
в) кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык даярдоо курстарында окуу үчүн топторду түзүү;
г) Окуу жайларын жана аяктаган окуу топторун квалификацияга чейинки тандоону уюштуруу;
д) КӨФтүн белгиленген тартиптери боюнча курстарды каржылоо;
е) кыска мөөнөттүү окутуу курстарына мониторинг.
2) Окуу жайынын квалификацияга чейинки тандоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) окуу жайынын арызы, арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы;
- бекитилген окуу планы;
- квалификациялык мүнөздөмө;
- аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк (бар болсо).
3) КӨФтүн кыска мөөнөттүү курстарында окуу үчүн жеке абитуриенттер үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү;
- КӨФтүн курстарынан өтүү үчүн сүрөтү (3x4 см) менен белгиленген формадагы толтурулган арыз;
4) КӨФ аркылуу өз уюму үчүн кызматкерлерди окутууну каалаган же квалификациясын жогорулатууну, иштеп жаткан кызматкерлерди кайра даярдоону каалаган иш берүүчүлөр талап кылган документтердин тизмеси:
- иш берүүчүнүн арызы, белгиленген формада;
- иш берүүчү менен окуу жайдын биргелешкен арызы
5) Бул мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн оздүк нарктык (чыгымдарын) төмөнкүлөр тузот:
- республиканын аймактарында квалификацияга чейинки тандоого катышуу үчүн окуу жайларына чакырууларды таратуу - 250 сом;
- алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн аймактарда арыздарды кабыл алуу жана алардын түп нускасын КӨФтүн катчылыгына жөнөтүү - 250 сом;
- топтордун толук комплекти, алардын таблицасы жана жөнөтүлүшү, КӨФ тандоо комиссиясынын заседаниесинде бекитүү үчүн - 250 сом;
- Окуу жайларды алдын ала квалификациядан өткөрүү жана түзүлгөн окуу топторун бекитүү боюнча КӨФтүн тандоо комиссиясынын отурумун уюштуруу, бул окуу жайлары менен Кызматташуу келишиминин түп нускаларын даярдоо, алуу, кол коюу жана жөнөтүү - 500 сом;
- окуу топторунун электрондук чыгымдарынын сметасын кароо, макулдашуу жана бекитүү, окуу жайлары менен келишимдердин түп нускасын алуу, кол коюу, жөнөтүү жана курстарга алдын ала аванстык төлөмдү каржылоо - 600 сом;
- аймактар жана окуу жайлары боюнча КӨФтүн курстарына мониторинг жүргүзүү, алар боюнча отчетторду даярдоо - 500 сом;
- курстарды аяктагандыгы жөнүндө жыйынтыктоочу отчеттордун түп нускаларын кабыл алуу, аларды бекитүү жана окуу жайларына акы төлөөнү каржылоо - 500 сом.
6) Кызматтын натыйжасы: аяктаган курстар, көндүмдөрдү жана сертификаттарды алуу.
2. “Жарандарды эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге үйрөтүү” кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу процедуралардын тизмеси
1 таблица | ||
№ | Процедуранын аталышы | Эскертүү |
1 | КӨФтүн алдын ала квалификациялык тандоосуна катышуу үчүн окуу жайларына чакыруу жөнөтүү | Республикадагы менчигинин түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан бардык окуу жайларына жөнөтүлөт |
2 | Региондордо алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн табыштамалардын түп нускасын кабыл алуу жана аларды КӨФ Катчылыгына жөнөтүү | Тиркемелер жер-жерлерде КӨФтүн аймактык координаторлоруна тапшырылып, изилденип, андан соң КӨФтүн башкы кеңсесине жөнөтүлөт. |
3 | Региондордо алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн табыштамалардын түп нускасын кабыл алуу жана аларды КӨФтүн Тандоо комитетине жөнөтүү | Республиканын аймактарында топтор, талап кылынган кесиптер, студенттердин саны, окуунун узактыгы жана бюджети алдын ала макулдашуудан кийин түзүлөт. |
4 | Алдын ала квалификациялоо жана топторду бекитүү, билим берүү мекемелери менен Келишимдердин түп нускасын даярдоо, кол коюу жана таркатуу боюнча КӨФгө тандоо комиссиясынын отурумун уюштуруу | КӨФтүн тандоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана тармактык бирикмелеринин өкүлдөрү кирет |
5 | Чыгымдардын сметасын кароо, макулдашуу жана бекитүү, Келишимдердин түп нускаларына кол коюу жана бөлүштүрүү жана курстарды баштоо үчүн авансты каржылоо | Сметанын чыгаша жоболору Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде эсептелет |
6 | Алдын ала квалификациядан өткөн окуу жайлары жана КӨФтүн окуу топтору жөнүндө маалыматтарды КӨФтүн маалымат базасына киргизүү | Билим берүү мекемелери, лицензиялар, топтор жана студенттер жөнүндө маалыматтар киргизилет |
7 | КӨФтүн курстарынын мониторинги (алдын ала, учурдагы, жыйынтыктоочу) жана алар боюнча КӨФтүн катчылыгына отчетторду даярдоо | КӨФтүн аймактык координаторлору жергиликтүү курстардын КӨФтүн Макулдашуунун шарттарына ылайык келишине мониторинг жүргүзөт |
8 | Курстарды аяктагандыгы жөнүндө жыйынтыктоочу отчеттордун түп нускасын алуу жана кабыл алуу, окуу жайлары үчүн КӨФтүн акыркы төлөмүн төлөө | Группадагы жыйынтыктоочу экзаменден жана сертификаттарды алгандан кийин жыйынтыктоочу акт түзүлөт жана окуу жай үчүн КӨФтүн акыркы төлөмү жүргүзүлөт. |