Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенти
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Интеллектуалдык менчик жана
инновациялар мамлекеттик агенттигинин
(Кыргызпатент) директорунун
__________________________________
2023-ж. “1” июну № 119 буйругу менен
“бекитилди”
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратуу жана даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – “ИБ” ММ) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын VI бөлүмүнүн 12-главасына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 5минутага чейин.
Кызмат көрсөтүү боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минутага чейин.
Келишим түзүү – 1 саат (консультация, тааныштыруу).
Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы жабдууну пайдалануунун санына байланыштуу келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) эскиздик долбоорлорду берүү менен белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) кагаз түрүндө арыз берген учурда, инсандыгын тастыктаган документ;
в) төлөгөндүгү же акча каражаты келип түшкөндүгү жөнүндө документ;
г) келишим түзүү.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
а) Кыргыз Ресупубликасында аккредиттелген, ыйгарым укуктуу тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу;
б) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке иш бөлмөгө кирүү.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Интеллектуалдык менчик жана инновациялардын натыйжаларынын тажрыйбалык үлгүлөрүн жаратуу жана даярдоо, ошондой эле чиймелерди түзүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды жана ага тиркелген эскиздик долбоорлорду кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу | - жеке кайрылуу; - ЭКМП аркылуу |
2. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - ЭКМП аркылуу; - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кандай болбосун төлөм ыкмалары |
3. | Жабдууну пайдалануу жана аны тестирлөө боюнча нускама | -жеке катышуу
|
4. | Келишим түзүү | -жеке катышуу - ЭКМП аркылуу |
5. | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратуу жана даярдоо үчүн багыттар боюнча жабдууларды берүү | -жеке катышуу
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби блок-схемада төмөндө көрсөтүлгөн.
Бэк- кеңсе
|
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1. Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кайрылуусу саналат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар. | индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн адистери |
| 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;
2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген FabLab (Фаб Лаб) сектору жөнүндө жобо. |
| ||
1.1. Керектөөчү ЭКМП аркылуу жеке же электрондук түрдө кайрылганда, карап чыгууга кабыл алынган арыз кириш документтердин журналына каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылганда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн инсандыгын документ боюнча аныктоо зарыл | - 5 минутага чейин | Прием, регистрация заявления | ||||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө кандай арыз болгон болсо, ошол эле ыкма менен кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - инсандыгын тастыктаган документ жок болсо (жеке кайрылуу); - жабдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык келбесе; бош жумушчу орун жок болгондо; - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынган буюмдар же алардын бөлүктөрү даярдалса; - төлөнбөсө. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда алдын ала төлөнгөн акча каражаттары тажрыйба үлгүсүн даярдоону баштаган учурга чейин кайтарылып берилет | - жеке кайрылганда – бош жабдуу болгондо кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө - арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минутага чейин
| Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама: 1. Кызмат көрсөтүү. 2. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| ||||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналына каттоо, маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – бошжабдуу болгондо кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 35 минута | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||
2. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө
| ||||||
2.1. Акча каражатынын келип түшүүсүн текшерүү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу.
| Бухгалтер | 10 минута | 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген FabLab (Фаб Лаб) сектору жөнүндө жобо. | Төлөгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо | ||
2.2. Төлөгөндүгү жөнүндө документти тастыктаган документ жок болсо, 3 сааттын ичинде керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жиберилет.
| индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн адистери | 15 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |||
Жол-жобонун натыйжасы: - акча каражаттарынын келип түшүүсү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына каттоо; - төлөгөндүгү жөнүндө документ жоктугна байланыштуу, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы – 25 минута Накталай эмес түрдө төлөгөндө иш-аракеттердин узактыгы акча каражаттарын которуу жөнүндө документти бергенине байланыштуу болот. | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||
3. Жабдууну пайдалануу жана аны тестирлөө боюнча нускама
| ||||||
3.1. Бөлүмдүн адистери жабдууну пайдалануу боюнча коопсуздук техникасы боюнча нускамадан өткөрөт. Коопсуздук техникасынын нускамасынан өткөндөн кийин тестирлөөдөн өткөрүшөт. Жабдуу менен тааныштыруу жана тестирлөө кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнун жеке катышуусунда жүзөгө ашырылат. Коопсуздук техникасын жана жабдууну пайдаланууну өздөштүрө албаган учурда, кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат, ал протокол менен таризделет.
| индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн адистери | 1 саатка чейин | 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген FabLab (Фаб Лаб) сектору жөнүндө жобо. | Жабдууну иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу же баш тартуу | ||
Жол-жобонун натыйжасы: а) жабдууну пайдаланууга берүү; б) кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы – 1 саат | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||
4. Келишим түзүү
| ||||||
4.1. Жеке кайрылганда кечиктирилбестен келишим түзүлөт. Келишим ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кол коюлушу мүмкүн. Жабдууну тандоону расмий сайтта жана маалыматтык тактада жайгаштырылган тизмеге ылайык керектөөчү аныктайт. Бир келишимдин алкагында 3 бирдиктен ашпаган, бир нече жабдуулар берилиши мүмкүн.
| “ИБ” ММнын директору, индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн башчысы, адистери
| - жеке кайрылганда - кечиктирбестен; - электрондук түрдө (консультация, таанышуу) – 1 саатка чейин
| 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген FabLab (Фаб Лаб) сектору жөнүндө жобо. | Кол коюлган келишим | ||
4.2. Келишимге өз убагында кол коюлбаган учурда керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жиберилет. Кабарламада ченемдик укуктук актылардын жана ушул Регламенттин конкреттүү жоболоруна таянуу менен баш тартуунун себебинин негиздемеси көрсөтүлөт. | Индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн башчысы, адистери | 30 минут | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |||
Жол-жобонун натыйжасы: - кол коюлган келишим; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 1 саат 30 минута | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||||
5. Тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратуу жана пайдалануу үчүн багыттар боюнча жабдуулар
| ||||||
5.1. Басма продукцияны тез прототиптөө жана иштеп чыгуу үчүн жабдуулар (3D принтерлер, кесүүчү түзүлүш, кездемеге басып чыгаруу) | Индустриалдык инновациялар Fab lab бөлүмүнүн адистери | Келишимге ылайык | 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген FabLab (Фаб Лаб) сектору жөнүндө жобо. | Интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжаларынын тажрыйбалык үлгүлөрдү (прототиптерди) жаратуу жана даярдоо, ошондой эле чиймелерди түзүү | ||
5.2. Чийки за материалдары менен иштөө үчүн жабдуулар ( фрезердик станок, көзөөчү фрезердик кол станок, бурама кол станок, лазердик гравер) | Келишимге ылайык | |||||
5.3. Оборудования для работы с цифровой и швейной электроникой | Келишимге ылайык | |||||
5.4. Место для работы с электроникой | Келишимге ылайык | |||||
Жол-жобонун натыйжасы: Интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжаларынын тажрыйбалык үлгүлөрдү (прототиптерди) жаратуу жана даярдоо, ошондой эле чиймелерди түзүү | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 4 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы келишимдин шарттарына ылайык белгиленет. | ||||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||||