Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенти
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Интеллектуалдык менчик жана
инновациялар мамлекеттик агенттигинин
(Кыргызпатент) директорунун
_________________________________
2023-ж. “1” июну № 119 буйругу менен
“бекитилди”
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарды берүү
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – “ИБ” ММ) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын I бөлүмүнүн 98-главасына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 10 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүү боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минутага чейин.
Келишим түзүү – 1 саат (консультация, тааныштыруу).
Мейкиндикти пайдаланууга чектелген убакыт 1 сааттан 6 айга чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы иштин түрүнө байланыштуу келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) юридикалык жак арыз берген учурда, инсандыгын тастыктаган документ, юридикалык жакты жана уставды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
в) төлөгөндүгү жөнүндө документ;
г) келишим түзүү.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
а) Кыргыз Ресупубликасында аккредиттелген, ыйгарым укуктуу тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу;
б) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке иш бөлмөгө кирүү.
Арыз жеке же юридикалык жактар тарабынан берилет.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Ар түрдүү иш-чараларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, тегерек столдорду, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү, инфратүзүмдү берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу | - жеке кайрылуу; - ЭКМП аркылуу |
2. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - ЭКМП аркылуу; - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кандай болбосун төлөм ыкмалары |
3. | Келишим түзүү | -жеке катышуу - ЭКМП аркылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби блок-схемада төмөндө көрсөтүлгөн.
Бэк- кеңсе
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөлөрү 2-таблица
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||