Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 буйругуна ылайык) |
Электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы
коопсуздук эрежелери
Иштеп жаткан электр орнотмолорунда иштеген адамдарга кооптуу өндүрүш факторлорунун таасирин болтурбоочу негизги уюштуруу жана техникалык иш-чаралар келтирилген.
Бул эрежелер менчигинин түрүнө карабастан электр орнотмолорун долбоорлоо, орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануумененалектенген жеке жана юридикалык жактардын жетекчилерине, адистерине жана жумушчу ишкерсандарына арналган.
Эрежелер Кыргыз Республикасында 2003- жылдын 1- августунда кабыл алынган жана андан кийинки 2009-, 2014- жана 2016- жылдардагы өзгөртүлүп толукталган «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамы № 167, ошондой эле башка орнотуу, жөндөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген жумушчулардын коопсуздугун камсыздаган ченемдик актылардын жана стандарттардын негизинде түзүлгөн.
Эреже Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтунун окутулган Кеңеши (Протокол 5, 15.12.2021-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин илимий-техникалык кеңеши (протокол 09-7/2, 25.08.2022-ж.) тарабынан жактырылды
22-жылдын 2023-мартындагы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругу менен бекитилип, ишке киргизилди № 01-13/70.
Эрежелерде кабыл алынган кыскартуулар жана терминдер
Кыскартуулар,терминдер |
Аныктама |
ТАӨ | Талааны автоматтык түрдөөчүрүү |
AБС | Автоматтык башкаруу системасы |
АТС | Автоматтык телефон станциясы |
АЧ | Аба чубалгысы |
АБЧ | Аба байланыш чубалгысы |
ИБТ | Ички бөлүштүрүүчү түзмөк |
АБТ | Ачык бөлүштүрүүчү түзмөк |
KЧ | Кабелдик электр чубалгысы |
KБЧ | Кабелдик байланыш чубалгысы |
ИОБТ | Ичкериге орнотулуучу бөлүштүрүү түзмөгү |
ЭЖТБО | Элегаз жабдуулары менен толук бөлүштүрүүчү орнотмо |
СОБТ | Сыртка орнотулуучу бөлүштүрүү түзмөгү |
КББО | Компрессордук-белги берүүчү орнотмо |
ЖТЧ | Жергиликтүү телефон чордону |
ТККЖ | Тейлөөсүз калыбына келтирүүчү жай |
АБО | Ачык бөлүштүрүүчү орнотмо |
ТКЖ | Тейлөөсүз күчөтүүчүжай |
ИӨД | Иш өндүрүш долбоору |
ИИЭ | Ишкерсандар менен иштөө эрежелери |
БТ | Бөлүштүрүүчү түзүлүш |
Реклоузер | 6, 10, 35 кВтук (бириктирилген) аба электр тармактарын кошуп туруучувакуумдук өчүрүүчүбөлүгү, ага бирге кошулган ток жана чыңалууну өлчөөчү тутуму, ошондой эле микропроцессордук релелик-автоматтык коргоо тутумдары бар башкаруу үкөгүнөн турган автоматташтырылганбөлүштүрүүчү орнотмо. |
ДТБК | Диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттары (байланыш жана телемеханиканын кабелдик жана аба чубалгылары, жогорку жыштыктагы каналдар, байланыш жана телемеханикалык түзүлүштөр) |
ЖЖБ | Жогорку жыштыктагы байланыш |
КММ | Курулуш-монтаждоо мекемеси |
ӨККЗ КЧжЭ
ЖАӨ | Өзүн көтөрүүчү капталмаланган зым Курулуш ченемдери жана эрежелери
Жылуулук автоматикалык, жылуулук техникалык өлчөөлөр жана коргоо түзмөктөрү, алыстыктан башкаруу жана белги берүүчүкаражаттары, жана башкаруунун автоматташтырылган түзүмдөрүнүн техникалык каражаттары |
ОКЧ ЭМТ | Оодаргыч көмөкчордону Электромагниттик талаа |
ЭО Ишкертоп (иштаккагаз менен же табыштама боюнча) | Электролиздик орнотмо Эки же андан көп адамдан турган ишкертоп, иш алып баруучу же байкоочу менен биргеалганда |
Электр өткөрүүчү абачубалгысы | Ачык абада жайгашкан жана инженердик курулмалардагы (көпүрө, эстакада ж. б.) түркүктөргө, тирөөчтөргө же кронштейндерге зымчынылар жана арматуралар менен бекитилүүчү зымдар аркылуу электр энергиясын өткөрүүчү түзүлүш. Аба чубалгысынын башталышы жана аягы катарычубалгылык капкалдар же бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн чубалгылыкалгачтары, ал эми бутактамалар үчүн - бутактаманын түркүгү жана чубалгылык капкал же бөлүштүрүүчү түзүлүштүн чубалгылык алгачы алынат. Мында АЧ тарабындагы чубалгылык капкалга орнотулгантартылуучу капталмаилмектер, ошондой эле АЧ зымдарына бекитилген баардык кыскычтар АЧга кирет. Көмөкчордон тарабындагычубалгылык капкалга орнотулган тартылуучу капталмаасылмалар, бул капкалдардагы илмектер, аба чубалгыларынан ар кандай жабдууларга (өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр, дүрмөтсүздөнгүчтөр(разрядниктер), байланыш тыгыздоочулары (конденсаторлору) ж.б.) түшкөн кошмо зымдары, ошондой эле жогорку жыштыктагы тосмолор АЧга кирбейт. |
Илептик чыңалуу астындагы аба чубалгысы | Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору башка аба чубалгылардын огунан төмөндөгүдөй алыстыкта жалпы узундугу 2 кмден кем эмесбөлүктөрүндө же бүт узундугу боюнча паралеллдүү өтүүчү аба чубалгылары жана байланыш аба чубалгылары, м: -чыңалуусу 110 кВ аба чубалгылары үчүн 100, -220 кВ аба чубалгылары үчүн150, - 500 КВ аба чубалгылары үчүн 200. Жогоруда көрсөтүлгөндөн жакын аралыкта өтүүчү 110 кВтон жогорку аба чубалгылары менен паралеллдүү өтүүчүже кесилишкен электр жана байланыш аба чубалгылары. |
Экинчилик (көмөкчү) тизмек | Электр чордонунун (көмөкчордондун) башкаруу, автоматика, өлчөө, коргоо жана белги берүү түзүлүштөрүнкошуп туруучу кыскычтардын жана электр зымдарынын топторунун жыйындысы. |
Бийиктикке чыгуу менен байланышкан жумуштар
"Керек", "зарыл", "керек" | Түздөн-түз түзүлүштөрдү же жабдууларды орнотуу же оңдоо учурунда жерден, шыптан же жумушчу төшөндүдөн 5 метрден ашык бийиктикке чыгуу менен аткарылуучу иштер.Бул учурда жумушчуларды жыгылуудан сактай турган негизги каражат болуп коопсуздук байланмалары жана аны бекитүү ыкмасы саналат.
Ушул Эрежелердин талаптарын милдеттүү түрдө аткарууну белгилейт. |
"Уруксат берилет", "мүмкүн" | Бул талап өзгөчөтүрдө (жергиликтүү шарттарга ылайык) колдонулаарын белгилейт. |
Алгачкы уруксат | Иштаккагазже табыштама боюнча биринчи жолу жүзөгө ашырылган уруксат. |
Кайталануучу уруксат | Иштаккагазбоюнча буга чейин иш аткарылган жумуш ордуна берилүүчү уруксат. |
Жерге туташтыруу | Тармактын кандайдыр бир жерин, электр орнотмосун же жабдууларды жерге туташтыруучу түзүлүш менен атайылап электрдик туташтыруу. |
Коргоочу жерге туташтыруу | Электркоопсуздук максатындагы жерге туташтыруу |
Электр талаасынын таасир аймагы | Электр талаасынын чыңалуусу 5 кВ/м ашкан 50 Гц жыштыктуу мейкиндик |
Магнит талаасынын таасир берүүчү аймагы | Магнит талаасынын чыналуусу 80А/м ден жогору аймак. |
Калкандоо аймагы
Коопсуздук белгиси
Максаттуу насаат
Кабелдик чубалгы
| Чыңалуусу 5 кВ/мден ашпаган электр талаасына жакын жайгашкан имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле жердештирилгентемиртүзүлүштөрдүн, жабдуулардын пайдубалдарынын, күчтукоодаргычтардын жана ири өлчөмдөгү объекттердин жанындагы мейкиндик.
Адамды, мүмкүн болуучу коркунуч жөнүндө эскертүүгө, белгилүү бир аракеттерине тыюу салууга же көрсөтмө берүүгө, ошондой эле объекттердин жайгашуусубоюнча маалымдоо үчүн, алардын пайдалануусуөндүрүштүк тийиндилердинкоркунучтуу жана зыяндуу таасирлеринин кесепеттерин алып салуу же азайтуу менен байланышкан белги
Иштаккагаз же буйрутма менен, аныкталган жумушчулардын тобун камтыган, электрорнотмодо даректүү ишти коопсуз аткаруу боюнча иштаккагаз, буйрутма берүүчүдөн баштап бригаданын мүчөсүнө же аткаруучугачейин берилүүчү көрсөтмө
Бир же бир нече параллелдүү кабелдерден, туташтыргыч, бекитүүчү жана чектүү кошмокаптарданжана бекиткичтерден турган, ошондой эле май толтурулган кабелдик чубалгылар үчүн, мындан тышкары, кошумча азыктандыруучу аппаратары жана май басымы боюнча белги берүүчү тутумдардан турганэлектрэнергиясын же анын айрым импульстарын өткөрүүчү чубалгы. |
Өчүрүп-күйгүзүүчү (коммутациялык) аппарат |
Электр чынжырын өчүрүп-күйгүзүүгөжана ток өткөрүүгө арналган электр аппараты (ажыраткыч, кубаттулуктуөчүргүч, ажыраткыч, өчүргүч, автомат, рубильник, пакеттүү өчүргүч, сактагыч ж. б.). |
Жүк көтөрүүчү машиналар |
КР «Көтөрүүчү транспорттук жабдуулардын коопсуздугу жана аныиштетип пайдалануунунжүрүшү (процесси)» Техникалык жоболоруна ылайык “КТЖ - көтөрүүчү транспорттук жабдуулар” термини менен белгиленген крандардын бардык түрлөрү, кран-экскаваторлор (арканга илинген илгич менен иштөөгө арналган экскаваторлор), көтөргүчтөр, жүктөрдү жана адамдарды көтөрүүчү лебедкалар. |
Механизмдер | Гидравликалык көтөргүчтөр, телескопиялык мунаралар, экскаваторлор, тракторлор, жүк көтөрүүчү машиналар, бургулоочу-крандык машиналар, механикалык иштеткилүү узартылып чыгуучу тепкичтер ж.б. |
Механикалык кулпу | Ачкыч менен жабылуучу, алынуучу туткасы бар кулпу ж.б.у.с. |
Бурмаланбаган электр талаасынын күчү | Адамдын катышуусу менен бурмаланбаган,адам иш жүрүшүндө боло турган аймактагы аныкталуучуэлектр талаасынын чыналуусу. |
Иштаккагаз (наряд) | Ишти коопсуз алып барууга түзүлгөн, анын мазмунун, ордун, баштоочу жана бүтүрүүчу убактыларын, керектүү коопсуздук иш чараларын, ишкертоптун курамын жана ишти коопсуз аткарууга жооптууларды аныктаган атайын бланктагы табыштама |
Кыска мөөнөт талап кылуучу шашылыш түрдө аткарылуучу иштер | 1000 В жогорку электр орнотмолорундагы узактыгы боюнча 1 сааттан ашык эмес убакытты талап кылуучу, жумуш ордун даярдоону эсепке албаганда, кечиктирилбес түрдө аткарылуучу, адамга коркунучтуу өндүруштүк тийиндилердин таасирлерин тийгизбөөгө багытталган, жаракат алып же башка күтүүсүздөн адамдын ден соолугунун тез начарлашына алып келүүчү, ошондой эле жабдуунун, ЖАӨ түзүлүштөрүнүн жана кардарларды электр энергия менен камсыздоолордунтуура иштебей үзгүлтүккө учурашына коркунуч туудурган учурлардагыбузулуудан жана зыянга учуроодон сактоо иштери. |
Электр орнотмолорун шууту (ыкчам) тейлөө | Электр орнотмолордун белгиленген тартипте иштешин камсыз кылыпыкчам өчүрүп-күйгүзүүгө, жабдууну кароого, иш ордун даярдоого, иштеп жатканын көзөмөлдөөгө, жабдууну үзгүлтүксүз иштетип пайдаланууга багытталгаништердин топтому. |
Электр орнотмолордогу кароолор | Электр орнотмолорду, электр жабдууларды, имарат жана курулуштарды көрүнөө караптекшерүү |
Электр чарбачылыгына жооптуу | Административдик-техникалык ишкерсандардын арасындагы колдонуудагы эрежелердин жана ченемдик-техникалык документтердин негизинде электр орнотмолорду коопсуз тейлөө милдеттерин уюштуруу жүктөлгөн кызматкер |
Эмгекти коргоо | Эмгектик ишмердүүлүктүн жүрүшүндөгү жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган, укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук-техникалык, санитардык-гигиеналык, алдын-ала даарылоо, ден соолуктарын кайра калыбына келтирүүгө багытталган иш чаралардын тутуму. |
Электр чубалгыларынын жана аба байланыш чубалгыларынын коргооаймагы
Кабелдик электр чубалгылары жана кабелдик байланыш чубалгыларынын коопсуздук аймагы
Административдик-техникалык ишкерсан
Электротехникалык эмес ишкерсан
Ыкчам ондоочу ишкерсан
Шууту (ыкчам)ишкерсан
Ондоочу ишкерсан
Электротехникалык ишкерсан
Электротехнологиялык ишкерсан
Жумуш ордун даярдоо
Туташтыруу
КТ боюнча II - V группасы бар кызматкер
Ток өтүүчү бөлүктөрдө жана алардын жанында чыңалууну алып салбастан иштөө
Электр орнотмолорунда иш аткаруучу жумуш орду
Учурдагы эксплуатация тартибиндеги жумуштар
Бийиктикте иштөө
Электр коопсуздугу боюнча II топтогу кызматкер
Электр коопсуздугу боюнча III топтогу кызматкер
Электр коопсуздугу боюнча IV топтогу кызматкер
Буйрутма
Бөлүштүрүү түзмөгү
Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр
Техникалык тейлөө
Ток өткөрүүчү бөлүгү
Ток жүрбөөчү бөлүк
Электр көмөкчордону
Электр орнотмо
Жергиликтуу кызматкерлердин кезметчиси жок электр орнотмо
Аракеттеги (иштеги) электр орнотмолору
Жөнөкөй көрүнүүчү схемалуу электр орнотмо
Электр тармагы
Электр коргонуу каражаттары
Энергетикалык ишкана
Электр менен жабдуучу уюм | Жер бөлүктөрү жана аба мейкиндиги түрүндөгү, аралыкта чубалгынын кыйшаюусуз абалдагы четки зымдарынын эки тарабында жайгашкан вертикалдуу тегиздиктер менен чектелгенаба чубалгысынын боюндагы аймак, м: чыңалуусу 1 кВ чейинки аба чубалгылары жана байланыш аба чубалгылары үчүн- 2; 1-20 кВ аба линиялары үчүн -10; 35 кВ аба линиялары үчүн-15; 110 кВ аба линиялары үчүн-20; 220 кВ аба линиялары үчүн-25; 500кВ аба линиялары үчүн-30.
Кабелдик электр чубалгылары үчүн 1 м жана кабелдик байланыш чубалгылары үчүн 2 м аралыкта эң четки кабелдерден чубалгынын эки тарабында жайгашкан вертикалдуу тегиздиктер менен чектелген жер астындагы кабель линияларынын боюндагы жер бөлүгү, ал эми шаарларда тротуарлардын астынан өткөн 1000 В чейин чыңалуудагы кабелдик электр чубалгылары үчүн көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнө карай 1,0 м жана көчө жана анын карама-каршы тарабына 0,6 м болгон аймак.
Электр орнотмолорунда техникалык жана ыкчам тейлөөнү, оңдоо, монтаждоо жана жөндөө иштерин уюштуруу үчүн жооптуужетекчилер жана адистер.
Электр чыналуу астындагы кандайдыр бир жабдуулар менен байланышпаган, электр тогуна урунуу коркунучу жок иштерди аткаруучу ишкерсан. Байланыш бир гана оператордун кызматын аткаруучу тарабынан болушу мүмкүн, мындай учурда ага электр тогунун түз таасири жок чыгарылат.
Атайын окутулуп даярдалган жана бекитилген электр орнотмолорун бекитилген көлөмүндө ыкчам тейлөөгө даярдалган оңдоочу ишкерсан
Электр орнотмолорун ыкчам башкарууну жанатейлөөлөрдүжүргүзүүчү ишкерсан(текшерүү, ыкчам өчүрүп-күйгүзүү, жумуш ордундаярдоо, жумушчуларды ишти аткарууга киргизүү жана иштеп жаткан кызматкерлердин үстүнөн көзөмөлдөө, учурдагы иштетип пайдалануу тартибиндеги иштерди аткаруу)
Электр жабдууларын техникалык тейлөөнү жана оңдоону, монтаждоону, жөндөөнү жана сыноону камсыз кылган ишкерсан
Электр жабдууларын монтаждоо, жөндөө, тейлөө, оңдоо жана электрорнотмолорунуништөө тартибин башкарууну жүргүзүүчү атайын даярдалган административдик-техникалык, ыкчам (шууту), ыкчам оңдоочу, оңдоочу ишкерсан.
Технологиялык иш жүргүзүүдө негизги курамдык бөлүгү электр энергиясы болуп саналган, ишинде кол менен иштеген электр машиналарын, көчмө электр шаймандарын жана чырактарды колдонгон ишкерсан,жана кызматтык нускамада же эмгекти коргоо нускамасында электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы эмгекти коргоо эрежелерин (коопсуздук эрежелерин) билүүлөрү белгиленген (II же андан жогорку электр коопсуздук тобу талап кылынган)башка кызматкерлер.
Жумуш башталганга чейин жумушчуга жумуш ордунда зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштүк тийиндилердин таасиринин алдын алуу боюнча техникалык иш чараларды аткаруу
Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн,генератордун, калканчыктын, чогултманынөткөрмөлорүнө туташтырылган, электр чордонунун, көмөкчордондун жана ушуга окшогондордун аймагында жайгашкан бир багыттагы, аталыштагы жана чыңалуудагы электр чынжыры (жабдуу жана өткөрмөлөр). Бир күчтукоодаргычтын (оромдорунун санына карабастан) ар кандай чыналуудагы электр чынжырлары эки-ылдамдыктуу электр кыймылдаткычынын бир туташмасы болуп эсептелет.
Электр коопсуздугу боюнча ишкерсандын квалификациясынын даражасы. (Эрежелерде электр коопсуздук топторунун минималдуу жол берилген маанилери көрсөтүлөт, б.а. ар бир атайылап алынган учурда кызматкер талап кылынган II, III, IV же V ден төмөн эмес топко ээ болушу керек.
Бул бөлүктөрдө же алардын жанында түздөн-түз аткарылган иштер кирет. Чыңалуусу 1000 вольттон жогору болгон орнотмолордо, ошондой эле 1000 вольтко чейинки аба чубалгыларында ошол эле иштерге ток өткөрүүчү бөлүктөрдөн жол берилгенден азыраак аралыкта аткарылган иштер кирет.
Электр орнотмосунуништаккагаз, буйрутма боюнча же учурдагы эксплуатация тартибинде ишкерсандын иштөөсүнө уруксат берилген бөлүгү
1000 В чейин чыңалуудагы электр орнотмолорунда уюмдун жетекчиси бекиткен тизмеге ылайык бекитилген жабдуулар боюнча эксплуатациялоочу жана оңдоочу ишкерсандар тарабынан аткарылуучу чакан көлөмдөгү (бир сменден ашык эмес убакытты алган) оңдоо жана башка тейлөө иштери.
Жер бетинен, шыптан же жумушчу төшөмдөн 1,3 м жана андан ашык бийиктикте, анын ичинде көтөргүчтөрдүн жана механизмдердин жумушчу аянтчаларынан, ошондой эле 1,3м бийиктиктеги тосмосуз бийиктиктеги айырмалары бар аянтчалардан 2 мден аз аралыкта аткарылуучу иштер кирет. Бийиктикте иштөөдө жеке коргонуунун негизги каражаты болуп коопсуздук куру саналат.
Орто билими бар, «Электр орнотмолорунда иштөөнүн ченемдери жана эрежелери» программасы боюнча 72 сааттан кем эмес окуудан өткөн, электр жетеги (иштеткиси) бар орнотмолорду жана жабдууларды тейлөөчү - электромонтер, электрмонтаждоочу, электр ширетүүчү (кошуу укугусуз), ТВЧ орнотмолорунун термисти, көтөргүч жана көчмө машиналардын, электр жетеги бар механизмдердин, кол менен иштеген электр машиналары ж.б.у.с. айдоочулары. Агатиешелүү электр орнотмолорунда иштөөнүн жалпы жол-жоболорун (принциптерин) билүүсү зарыл. Электр тогунан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрү иш жүзүндө аткарабилүүнү талап кылат.
III квалификациялык топ электртехникалык кызматкерлерине ыйгарылат. Электротехникалык ишкерсанга коюлган талаптар технологиялык ишкерсанга коюлган менен бирдей. III топтогуишкерсандыишке киргизүү 1000 В чейин жана андан жогорку тармактар менен иштөөлөргө бөлүнөт, ошондой эле 1000 В чейин электр орнотмолорун тармактан жалгыз тейлөөгө, текшерүүгө, кошууга жана ажыратууга укук берет.
IV квалификациялык топ электротехникалыкишкерсандарга гана ыйгарылат. IV электр коопсуздук тобу (1000 В чейин) уюмдагы электр объектилери үчүн жооптуу (ИТЖ)адамдардан дайындалышы үчүн зарыл. Ошондой эле жаш муундарды өндүрүштө окутуу үчүн шууту (оперативдүү) кызматкерлерге ыйгарылат.
Ишти коопсуз аткаруу үчүн анын мазмунун, ордун, убактысын, коопсуздук чараларын (зарыл болсо) жана аны аткаруу тапшырылган адамдарды аныктоочу оозеки же жазуу жүзүндөгү тапшырма
Бир чыңалуу классындагы электр энергиясын кабыл алуу жана бөлүштүрүү үчүн кызмат кылган жана өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү, жыйноочу жана кошуучуөткөрмөлөрдү, көмөкчү түзүлүштөрдү (компрессордук, аккумулятордук ж.б.), ошондой эле коргоо түзүлүштөрүн, автоматика жана өлчөө приборлорун камтыган электр орнотмосу
Күчтүк электр өткөргүчтөрү айлана-чөйрөдөн корголбостон сыртта жайгашкан бөлүштүрүүчү түзүлүштөр.
Жабдуулары имараттын ичинде орнотулган же атайын каптамалар менен айлана-чөйрөгө тийүүдөн корголгон бөлүштүрүүчү түзүлүштөр (анын ичинде сыртка орнотулуучуүкөктөрүндө- СОБТ).
Завод шартында чогултулган жогорку даражадагы даярдыктагы бирдиктүү түрдөгү бөлүктөрдөн (уячалар деп аталган) чогултулган бөлүштүрүүчү түзүлүш. 35 кВго чейинки чыңалууларда уячалар каптал дубалдары менен жалпы катарга бириктирилген үкөктөр түрүндө жасалат. Мындай үкөктөрдө чыңалуусу 1 кВго чейинки бөлүктөрү катуу капталма зымдар менен, ал эми 1ден 35 кВго чейинки бөлүктөр аба менен калкамаланган өткөргүчтөр менен даярдалат.
Электр орнотмолорун иштетип пайдалануунун жүрүшүндөгү, сактоодогу, күтүүдөгү жана ташып жеткизүү учурларындаишке жарамдуулугун же оң болүүсун сактоо боюнча аткарылуучу иштердин топтому.
Демейдеги колдонууда ток өткөрүүгө арналган ар кандай өткөргүч же өткөрүүчү бөлүк, анын ичинде нейтрал зымы да, бирок, адатта, PEN (коргоочу нольменен жумушчу өткөргүч зымдардын бирикмеси-жердештирилген коргоочу жана нейтрал зымдарын бир учурда аткаруучу өткөргүч зымы)зымы эмес.
Демейде чыңалуу астында болбогон түз тийүүгө жеткиликтүү болгон электр жабдууларынын өткөргүч бөлүгү, бирок бузулуу учурларында чыңалуу пайда болушу мүмкүн.
Трансформаторлордон же башка электр энергиясын өзгөрткүчтөрдөн, башкаруу түзүлүштөрүнөн, бөлүштүрүүчү жана көмөкчү түзүлүштөрдөн турган электр энергиясын кабыл алуу, айландыруу жана бөлүштүрүү үчүн арналган электр орнотмосу.
Электр энергиясын өндүрүү,, өзгөртүү, кайра иштетүү, бөлүштүрүү жана аны энергиянын башка түрлөрүнө айландыруу үчүн арналган машиналардын, приборлордун, чубалгылардын жана көмөкчү жабдуулардын (имараттар жана жайлар менен бирге) жыйындысы.
Ыкчам топтор же ыкчам-оңдоочу ишкерсандар тейлеген электр орнотмолору, аба жана кабелдик чубалгылары.
Чыңалуу астында турган же ага өчүрүп-күйгүзүүчү аппаратты күйгүзүү менен чыңалууберилүүчуэлектр орнотмо, же анын бөлүгү.
Айланып өтүүчү өткөрмө тутумдарсыз бир экаралуу же экараланбаган өткөрмөтутумундарынын1000 В чыңалуусунан жогору болгон бөлүштүргүч түзүлүштөр,баардык аба жана кабелдик чубалгылары, чыңалуусу 1000 В чейинки бардык электр орнотмолор.
Электр станциясынан керектөөчүгө электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү үчүн арналган электр орнотмолорунун тутуму
Электр коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арналган коргоо каражаттары
Жылуулук жана/же электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу, бөлүштүрүүчү ишкана
Өндүрүлгөн же сатып алынган электр кубаттулугун жана электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуучу мекеме |
Элегаз калкамалуу темир каптуу бөлүштүрүүчү түзмөк (ЭКБТ) | Жабык темир капка жайгаштырылган бөлүштүрүүчү түзмөк, анда калкама катары элегаз, же элегаздын башка газдар (азот же хладон) менен болгон кошулмалары пайдаланант |
Газдын сапатын көзөмөлдөө (текшерүү) | ЭКБТда колдонулуучу газды анын ченемделген мүнөздөмөлөрүнө туура келүүлөрүн текшерүү |
Элегазды толтуруудагы анын өчүрүп-күйгүзүүчү жана (же) калкамалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу номиналдык басымы (же жыштыгы) | Адаттагы атмосфералык шарттарда (+ 20оС жана 101,3кПа) ЭКБТнын бөлүктөрүнүн өчүрүп-күйгүзүүгө жана (же) калкамалык мүмкүнчүлүктөрдүаткарууга туураланган Па менен (же жыштыгы кг/м 3 менен)өлчөлгөнжана басымдын ашыкча же негизги толук денгээлинин (абсолюттук) бирдиктери менен белгиленген жана ЭКБТынын же анын газ менен калкамаланган бөлүктөрүнүн иштетип пайдаланууга берүүнүн астында толтурулчу же иштетип пайдалануунун учурунда толукталчу элегаздын басымы |
ЭКБТнын кабы | Белгиленген шарттарда ченемделген калкамалыктын денгээлин коопсуз сактап турууга керектүү, жабдууну тышкы таасирлерден коргоочу, ишкерсандарды жогорку даражада коргоону камсыз кылуучу жана жердештирүүгө тийиштүүЭКБТынын бөлүгү. |
Каптын эсептелген басымы | ЭКБТынын кабынын бекемдүүлүгүнө эсептелген басым |
Каптын эсептелген температуурасы | Ченемделгеншарттардаиштеген учурлардагыЭКБТынын кабында пайда болуушу мүмкүн болгон эн жогорку температура |
Айлана-чөйрөдөгү абанын температурасынын таасирдүү мааниси | Эсептөөлөрдө жана сыноолордо алынуучу айлана-чөйрөнүн температурасынын шарттуу мааниси |
ЭКБТынын бөлүгү | Бөлуштүрүүчү түзүлүштөрдөгу белгиленген аракеттерди аткаруучу ЭКБТынын бөлүгү (мисалы, өчүргүч, ажыраткыч, жердеткич, өлчөөчү оодаргычтар, жыйнактоо өткөрмөлөрү, |
| алгач, башкаруу үкөгу ж.б.у.с.), ЭКБТынын жердештирүүчү чынжырын кошкондо. |
Элегаз жабдуусу | Жел чыкпас капка элегаз менен толтурулган ток өткөзүүчү бөлүктөрдү калкамалоочу жана электр алоосун өчүрүүгө пайдалануучу өзүнчө көз карандысыз иштөөгө ылайыкташтырылып жасалгалган бүтундөй түзүлүш бөлүгү |
Элегаз жабдуусу менен болгон уяча | Баштапкы электр түзмөктөрүнүн негизинде тартипке салынган ЭКБТнын бөлүктөрүн кошулмасы; ЭКБТ курамындагы(чубалгылык, экара, өткөрмөкошулмалык ж.б.у.с.) баштапкы электр түзмөгү менен белгиленген кандайдыр бир кызматты аткаруугабагытталган (өз-өзүнчө уюлдуу же үч уюлдуу кылынып жасалган)бүтүндөй буюм катары эсептелинет. |
Элегаз | Өзү алтыфтордук күкүрт(SF6– күкүрттүн гексафториди)катарыаныкталган өңу жок, жыты жок , даамы жок, отко күйбөгөн абадан 5 эсе оор болгон (элегаздын жыштыгы 6,7 ге барабар, 1,29 болгон абаныкына караганда), молекулярдык салмагы да абаныкынан 5 эсе көп болгон электротехникалык газ. Элегаз электр жабдууларында калкамалоочу материал катары колдонулат, өзүнүн касиеттерин убакыттын өткөнүнө карабай сактай алат жана көп убакытка чейин сакталышы мүмкүн.Болжол менен 800оС температурасына чейин элегаз кошулбайт жана жылытууга туруктуу, 200оС га чейинки температуурада колдонулуучу элегаздык бөлүштүрүүчү орнотмолордун темирлерине химиялык жактан терс таасирлерин тийгизбейт. 1100оСдан жогору температурада гана бөлүнөт, ошондой эле электр жабдууларынын ичиндеги элегазда электр алоосу пайда болгондуктан, элегаздын төмөнкү фториддерге жана күкүрттүн кошулмаларына бөлүнгөндө.Элегаздын ичинде жок дегенде бир аз болсо дагы нымдуулук бар шарт болгон учурда суутектүү фторлордун терс таасир берүүчү кошулмалары, газ түрүндөгү уулуу (суутектүү
|
| фтор кислотасы – плавик кислотасы) азыктары жана башкалар, ошондой эле ак майда өзгөчө жагымсыз сасыган жумуртканын жытындай жыты бар ун (порошок) сыяктуу нерселерпайда болот. Алардын көлөмү нымдуулук жана кычкылтек көбөйгөндө көбөйө баштайт. Элегаз күйүүнү жана дем алууну колдобойт. Ал өндүрүш имараттарынын ичинде көбөйгөнгдө кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот.
|
1-бөлүм. Жалпы талаптар
1.Электр орнотмолорун пайдалануудагы ушул коопсуздук Эрежелери электр энергиясын иштеп чыгуучу, жеткизип берүүчү, бөлүштүрүүчү жана керектөөчү уюмдардын кызматкерлерине,менчигинин, уюштуруучулук-укуктук башкарууларынынтүрүнө карабастан, физикалык (жеке) адамдардын электр орнотмолорун иштетип пайдалануу жана техникалык тейлөө менен алектенген, аларда ыкчам которуштуруу, жана куруу, монтаждоо, ишке киргизүү, оңдоо иштерин, сыноо жана өлчөөлөрдү уюштуруп жана аткаруучужумушчуларына, ошондой эле мамлекеттик энергетикалык көзөмөл жүргүзүүчү адистерге жайылтылат.
Бул эрежелер атайылаштырылган жана башка курулуш-монтаждоочу мекемелердин ишкерсандарын ушул Эрежелердин негизинде электр орнотмолорун иштетип пайдалануу учурунда аткарылчуиштерге киргизген учурларда да сакталышы керек.
2. Бул Эрежелер аларды бекиткен органдар тарабынан гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
3. Электр орнотмолору сыноодон өткөн, колдонууга даяр коргонуу каражаттары, ошондой эле колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылышы керек.
4. Иште колдонулуучу механизмдер жана көтөрүүчү машиналар, компрессордук орнотмолор жана аба чогулткучтар, жасалгалар жана шаймандар эмгекти коргоо стандарттарынын талаптарына, техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын эрежелерине, ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык иштетилип пайдаланышы зарыл.
Электр орнотмолорунда ушул Эрежелерге ылайыкколдонулуучу коргоо каражаттары мамлекеттик стандарттардын жана башка ченемдик актылардын талаптарына жооп бериши керек.
5. Иштеп жаткан электр орнотмолорунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө КР СН-01:2018 “Курулуштагы эмгектин коопсуздугу” курулуш ченемдеринин талаптары сакталышы керек.
6. Бул Эрежелердин талаптары милдеттүүболуп саналат. Алардан четтөөлөргө жол берилбейт. Жумушчулар жана кызматчылар үчүн эмгекти коргоо нускамалары ушул Эрежелерге ылайык келтирилиши керек.
2-бөлүм.Ишкерсандарга болгон талаптар
7.Электр орнотмолорунда жумуштарды аткаруу үчүн кабыл алынган кызматкерлер аткарылган иштин мүнөзүнө ылайык келген кесиптик даярдыгы болушу керек. Кесиптик даярдыгы жок болгон учурда мындай кызматкерлер өз алдынча иштөөгө уруксат берилгенге чейин ишкерсандарды даярдоо боюнча адистештирилген окуу борборлорунда окутулушу керек.
8.Ишкерсандарды кесиптик даярдоо, анын ишке жарактуулук даражасын жогорулатуу, билимин текшерүү жана насааттамаөткөрүү ишкерсандын эмгегин коргоп жана коопсуз иштешин уюштуруу боюнча мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9.Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү алдында электротехникалыкишкерсандар жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуунун ыкмаларына, авария болгон учурда биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүлүшү керек.
10.Эмгек шарттары зыяндуу жана кооптуу жумуштарда иштеген жумушчулар жана инженер-техник кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү (1-тиркеме).
11. Электр орнотмолорун тейлөөчү кызматкерлер ээлеген кызмат орундарынын же кесибинин чегинде ушул Эрежелерди билүүгө жана 2-тиркемеге ылайык электр коопсуздугу боюнча топко ээ болууга тийиш. Эрежелер боюнча билиминин текшерүүсүнөн өткөн кызматкерге белгиленген түрдөгү күбөлүк берилет, жана жумуш учурунда аны өз жанындаалып жүрүүсү керек.
12. Кошумча коопсуздук талаптары (атайын жумуштарга) коюлган жумушту аткарууга укугу бар кызматкерлер билимди текшерүүнүн күбөлүгүндөбул жөнүндө жазууга ээ болууга тийиш.
Мындай иштерге төмөнкүлөр кирет:
1)бийиктикке чыгыпиштөөлөр;
2) ток өткөрүүчү бөлүктөрдө чыңалуу астында иштөө: зымчыныларды тазалоо, жуу жана алмаштыруу, зымдарды оңдоо, зымчыныларды жана бириктирүүчү кыскычтарды ченегич таякча менен текшерүү, троссторду майлоо;
3) басым астында иштеген идиштерди тейлөө;
4)жабдууларды жогорку чыңалуу мененсыноо (мегаомметр менен иштөөнү кошпогондо).
Атайын иштердин тизмеси жергиликтүү шарттарды эске алуу менен ишкананын жетекчилигинин көрсөтүүсү менен толукталышы мүмкүн.
Ишкерсандарды элегаз өчүргүчтөрү менен иштөө үчүн атайылаштырылган окуу борборлорунда же аларды жасап чыгаруучу заводдун иш ордундакайра даярдоодон кийин уруксат берилет, ЭКБТынын жабдылышы жана жасалышынын өзгөчөлүктөрүн, анын иштешинде коопсуздук чараларын камсыздоо жана ал жабдуунун бузулган учурларындагы ишкерсандардын кылуучу аракеттерин өздөштүрүү үчүн. ЭКБТыны иштетип пайдалануу мезгилиндеги аларды коопсуз тейлөө боюнча иштетип пайдалануучу ишкерсандардын билим деңгээлин текшерүүнүн көлөмү аныкталышы керек, техникалык окуулардын жана насааттамалардын суроолоруна киргизүү менен.
13. 3-тиркемеде көрсөтүлгөн иштерге 18 жашка чыга элек адамдарды кабыл алууга тыюу салынат.
14.Такшалуудан же кайталап көнүгүүдөн өтүп жатканжумушчу Иш берүүчүнүн тескөөчү документи менен тажрыйбалуу кызматкерге бекитилиши керек. Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү Иш берүүчүнүн тиешелүү тескөөчү документи менен таризделүүгө тийиш.
15. Ушул Эрежелерди бузган кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (тартиптик, кылмыштык жана башка Кыргыз Республикасынын2021- жылдын 28- октябрындагы № 128- “Укук бузуулар Кодекси” тарабынан каралган таасир көрсөтүүлөр менен)жоопкерчиликке тартылышат. Ишкананын жетекчилиги тарабынан бул кызматкерлерге электр коопсуздугу боюнча тобу ылдыйлатылышы мүмкүн.
16.Ар бир кызматкер, эгерде ал Эрежелердин бузулушунжоюуга чара көрө албаса, ал байкаган бардык бузуулар, ошондой эле электр орнотмолордуиштетип пайдалануу учурундагы, колдонулуучу аспаптардын жана коргоочу каражаттардын,механизмдердин, түзүлүштөрдүнадамдар үчүн коркунуч туудурган бузулуулары жөнүндө дароо жогору турган жетекчиликке билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Эрежелердин талаптарына карама-каршы келген буйруктарды жана тапшырмаларды аткарууга тыюу салынат.
3-бөлүм. Ыкчам тейлөө жана иштерди аткаруу
§1.Ыкчам тейлөө
17.Ыкчам өчүрүп-күйгүзүүлөрдү Иш берүүчүнүн тескөөчү документи менен бекитилген электрорнотмодо же электрорнотмолорунун тобунда шууту түзмөктү, кызматтык жана иштетип пайдалануучулук насааттамаларды, жабдуулардын өзгөчөлүктөрун билген, окуудан, такшалуу жана кайталап көнүгүүдөн, бузулууларга каршы машыгуулардан, билим текшерүүсүнөн өткөныкчам же ыкчам-оңдоочу ишкерсан аткарышы керек. Иштаккагазжана (же) буйрутма боюнча ишке киргизүүнү жүргүзгөнэлектротехникалык ишкерсан үчүн ыкчам өчүрүп-күгүзүүнү (которууну) жүргүзүү укугуна уруксаттын болушу милдеттүү болуп саналат.
18. 1000 В жогору электр орнотмолорунда кезметчи же ыкчам-ондоочу ишкерсандар электр орнотмолорун тейлеген жумушчулар жана кезметтегиулук кызматкерлер IV топ, калгандары III топтон төмөнэмес болууга тийиш.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда электр орнотмолорун жалгыз тейлеген кезметчи же ыкчам-ондоочу ишкерсандан турган жумушчулар III топтон төмөн эмес болууга тийиш.
Электр орнотмолорун ыкчам тейлөө түрү, сменадагы ыкчам тейлөөчү ишкерсандын саны Иш берүүчү тарабынан аныкталып, анын тескөөчү документи менен бекитилет.
19. Электр орнотмолорунда адамдарга, механизмдерге жана жүк көтөрүүчү машиналарга 1-таблицада көрсөтүлгөндөн жакын аралыкта чыңалүү астындагытосулбаган ток өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоого тыюу салынат.
1-Таблица. Чыңалуу астындагы ток өткөрүүчү бөлүктөргө жол берилген аралыктар,м
Чыңалуу, кВ | Адамдардан жана алар колдонгон шаймандардан, убактылуу тосмолордон болгон алыстык | Жумушчу жана транспорттук абалдагы механизмдерден жана жүк көтөрүүчү машиналардан, жүк илүучү жана көтөрүүчү түзүлүштөрдөн жана жүктөрдөн болгон аралык |
1ге чейинки: АЧ Башка электр орнотмолорунда |
0,6 Ченемсиз (тийүүсүз) |
1,0 1,0 |
6-35 | 0,6 | 1,0 |
110 | 1,0 | 1,5 |
220 | 2,0 | 2,5 |
500 | 3,5 | 4,5 |
Эскертүү. Бул жерде жана мыдан ары Эрежелердин жазылышында 3 кВ чыңалуудагы электр орнотмолору 6 кВ чыңалуусуна, 20 кВ - 35 кВ чыңалуусуна, 60 кВ - 110 кВ электр орнотмолору менен барабарланат. | ||
Электр станцияларынын жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунункароолорун (текшерүү)кезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардан III топтон кем эмес бир жумушчу же административдик-техникалык ишкерсандан же ишкананын жетекчилигинен V топтогу кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жалгыз кароолорду (текшерүүнү) жүргүзүү укугу ишкананын уюштуруучулук-тескөөчүлүк документтин (УТД)- ишкана боюнча буйрук тескеменин негизинде берилет.
Электр станцияларынын жана көмөкчордондордун электр орнотмолорун электрдик эмес ишкерсандар тарабынан кароолор (текшерүүлөр) жана экскурсиялар ишкананын жетекчилигинин уруксаты менен жалгыз кароого (текшерүүгө) укугу бар IV топтогу кызматкердин көзөмөлүнүн астында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аба чубалгысынын кароолору(текшерүүлөрү)Эрежелердин 392 - 395- орунбелгилеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
20. Бул электр орнотмолорду тейлебеген жумушчулар аларга кезметчи же ыкчам-оңдоочуишкерсандардын же жалгыз кароого (текшерүүгө) укугу бар жумушчунун коштоосунда киргизилиши мүмкүн.
Коштоп жүрүүчү электр орнотмолоруна киргизилген адамдардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө жана ток өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоого тыюу салынаары жөнүндө эскертип турууга милдеттүү.
21. 1000В жогорку электр орнотмолорунда кароо (текшерүү) учурунда тосмолор менен жабдылбаган 1-таблицада көрсөтүлгөн аралыктан жакын аралыкта ток өткөрүүчү бөлүктөргө жакындабоонукамсыз кыла албаганкамераларга, имараттарга кирүүгө тыюу салынат. Тосмо эшиктерин ачууга, тосмолордон өтүүгө тыюу салынат.
1000 В чейинки электр орнотмолорунда кароо (текшерүү) учурунда калканчтардын, башкаруу пульттарынын жана башка түзүлүштөрдүн эшиктерин ачууга жол берилет.
Кароо (текшерүү) учурунда кандайдыр бир иштерди аткарууга тыюу салынат.
22. 6-35 кВ электр орнотмолорунда жерге чабышкан учурда, аныкталган бузулуу болгон жерге жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө 4 м ден жана ачык бөлүштүрүучү түзүлүштөржана аба чубалгыларында 8 мден жакын аралыкка ыкчам өчүрүп күйгүзүүгө жана чыңалууга кабылган адамдарды бошотуу үчүн гана жакындоого жол берилет. Бул учурда, электр коргоо каражаттарын колдонуу керек.
23. Кол менен жетектелүүчү 1000В жогорку чыңалуудагы ажыраткычтарды, бөлгүчтөрдү, өчүргүчтөрдү ток өткөрбөс кол каптарды колдонуу менен өчүрүп жана күйгүзүү зарыл.
24. Сактагычтарды чечүү жана орнотуу чыналууну өчүрүп жүргүзүү керек.
Чыңалуу астында, бирок жүктөмсүз, түзмөктө чыңалууну алып салууга мүмкүндүк берүүчү өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр жок болгон кошулмаларда сактагычтарды алып салууга жана орнотууга жол берилет.
Чыңалуу жана жүктөм астында экинчиликтизмектердеги, жарыктандыруучу тармактардагы жана чыңалуу оодаргычтарынын сактагычтарын алмаштырууга жол берилет.
25.Чыналуу астындасактагычтарды алып салууда жана орнотууда төмөнкүлөрдуколдонуу керек:
1) 1000 В жогору электр орнотмолорунда –ток өткөрбөс кол каптарды жана көз айнектерди колдонуу менен калкамалоочу кычкачтарды (саптарды);
2) 1000 В чейинки электр орнотмолорунда - калкамалоочу кычкачтар же ток өткөргүс кол каптар жана көз айнектерди.
26. 1000 В чейинки калканчыктардынжана жыйнактардын кошмолорундагы бири-биринен жогору -вертикалдуу түрдө жайгашкан сактагычтар (фазалардын вертикалдуу жайгашуусу) жана өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөр жок болгон учурларда, сактагычтарды жүктөмдүн астында орнотууга жана чечүүгө жол берилет. Бул учурда көздү коргоонун ордуна бетти коргоо каражаттарын колдонуу сунушталат.
27. Электр орнотмолорунун, камералардын, калканчыктардынжана жыйнактардын эшиктери, иш жүргүзүлүп жаткан камералардан башкасы кулпуланышы керек.
28. 1000 В жогорку электр орнотмолорунун ачкычтары (ЖБТ, ЖЖБТ, АБТлардын бөлмөлөрү жана камералары), ошондой эле 1000 В жогорку электр орнотмолорунан тышкары жайгашкан 1000 В чейинки бөлүштүрүүчү калканчыктар жана жыйнактардын ачкычтары кезметчиишкерсанда катталуудаболуусукерек. Жергиликтүү кезметчи ишкерсандары жок электр орнотмолорунда ачкычтар административдик-техникалык ишкерсандын каттоосунда болушу мүмкүн.
Ачкычтаргакатар сан ыйгарылышы керек. Ачкычтардын бир тобукамдыктаболушу керек.
Ачкычтар кол коюлуп төмөндөгүдөй тартипте берилиши керек:
1)жеке кароого (текшерүүгө) укуктуу жумушчуларга - баардык бөлмөлөрдөн;
2) ыкчам-ондоочу ишкерсандан дайындалган ишке киргизүүчүгө, иш башкаруучуга, иш алып баруучуга, байкоочуга иш киргизүү учурунда - алар иштей турган бөлмөдөн.
29. Ачкычтар күн сайын кароонун (текшерүүнүн) же жумуштун аягында кайтарылып берилиши керек. Жергиликтүү кезметчиси жок электр орнотмолорунда иштегенде ачкычтар кароодон өткөндөн же жумуш толук аяктагандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен кайтарылышы керек.
Электр тармактар ишканаларынын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндөыкчам өчүрүп-күйгүзүүгө укугу бар ишкерсанына, ошондой эле жеке кароо (текшерүү) укугуна ээ болгон кезметчи, ыкчам-оңдоочу жана административдик-техникалык ишкерсандарга ачкычтарды узак мөөнөткө берүүнүн зарылдыгы ишкананын башкы инженери тарабынан аныкталат.
Ачкычтарды берүү жана кайтарып берүулөрүэркин түрдөгү журналда же ыкчам журналда катталууга тийиш.
30. Кырсык болгон учурда жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу үчүн алдын ала уруксатсыз эле чыңалуу алып салыш керек.
§ 2. Иштердин аткарылышы
31. Иштеп жаткан электр орнотмолорунда иштер иштаккагазбоюнча жүргүзүлүшү керек, анын формасы жана аны толтуруу боюнча нускамасы 4-тиркемеде келтирилген.
Ушул Эрежелерде каралган учурларда энергоишкананын башчысынын табыштамасы боюнча иштерди аткарууга жол берилет.
32. Ишти өз алдынча аткарууга, ошондой эле энергоишкананын башчысынын буйрутмасы же иштаккагазы менен аныкталган жумуш орундарын жана иш тапшырманын көлөмүн кеңейтүүгө тыюу салынат.
33. Башка иштаккагаз менен иштөө чөйрөсүндөгү электр орнотмолорунда кандайдыр бир болбосун ишти аткаруу бул иштаккагаз боюнча ишти алып баруучу (жумушту жетектөөчү) же иштаккагазды берген адам менен макулдашылышы керек.
Макулдашуу буйруктун четине “Макулдашылды” деп жазуу жана бекитүүчү адамдын колу менен жумуш ордун даярдоонун алдында таризделет.
34. 1000 В жогору болгон электр жабдууларын, чыналууну албастан чыналуусу 1000Вдан жогору электр орнотмолорунун ток өткөрүүчү бөлүктөрүндө, ошондой эле аба чубалгыларын чыңалуусуна карабастан капиталдык оңдоолордутехнологиялык карта же ИӨД (иш өндүрүшүнүн долбоору)боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
35. Электр чордондордун, көмөкчордондордун 1000 В чейинки электр орнотмолорунда жана абачубалгыларында чыңалуу астында иштөө учурларында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) кокустан тийип калуусу мүмкүн болгон жумуш орунуна жакын жайгашкан башка ток өткөрүүчү бөлүктөрүн тосмолоо;
2) ток өткөрбөсгөлөчтөрдү кийип же каптамалыктүпкүчкөже ток өткөрбөсрезина килемчесинде туруп иштөө;
3) капталмаланган туткалары бар аспапты колдонуу (бураткычтар үчүн, мындан тышкары темир өзөгүда капталмаланган болушу керек); мындай курал жок болсо, ток өткөрбөс кол каптарды колдонуу керек.
Кыска жеңдүү же жеңи түрүлгөн кийимдер менен иштөөгө, ошондой эле араа, кескич, темирметрлер ж.б. колдонууга тыюу салынат.
36. Эгерде түздөнүп турган учурда ток өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки аралык 1-таблицада көрсөтүлгөндөн азыраак болсо, электр орнотмолорунда ийилген (бүктүшкөн) абалда иштөөгө тыюу салынат. Электр чордондорунун жана көмөкчордондорунун электр орнотмолорунда, тосмолорсуз ток өткөрүүчү бөлүктөрдүн жанында иштөө учурларында бул бөлүктөр арт жакта же эки капталында калгандай жайгашууга тыюу салынат.
37. Электрдик коргоо каражаттарын колдонбостон, чыңалуу астындагы жабдуулардын зымчыныларына тийүүгө тыюу салынат.
38. Аба чубалгыларында жана аба байланыш чубалгыларында электр менен байланышкан бөлүктөрдү(зымдар, тростор) туташтыруудан же үзүүдөн мурда бул бөлүктөрдүнчыналууларын теңдөө зарыл. Чыңалууларды теңдөө үчүн бул бөлүктөрдүөткөргүч зым менен туташтыруу же аларды (болжолдуу ажырым) ажырымдын эки тарабына тең жердеткичтер коюлупаларды бир жердеткичке(жерге туташтыруу түзүлүшүнө)туташтыруу жолу менен ишке ашырылат.
39. Электр коргоо каражаттары (капталмалоочусаптар жана кычкачтар, электр өлчөөчү саптар жана кычкачтар, чыңалуу көрсөткүчтөрү) менен иштөөдө адам ток өткөрүүчү тетиктерге бул каражаттардын капталмаланган бөлүгүнүн узундугу менен аныкталган аралыкка жакындай алат.
40. Ток өтүп турганзымдардын (тросстордун) астында жайгашкан ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөгү (АБТ) жана аба чубалгыларындагы кесилиш аралыгындагы зымдарды (тросторду) жана аларга тиешелүү зымчыныларды жана арматураларды алмаштыруу учурларында, алмаштырылып жаткан зымдар аркылуу үсту жакта жайгашкан зымдарга чабыштырбоо үчүн өсүмдүк же синтетикалык булалардан жасалган аркандар ыргытылып кармалып туруулары керек. Аркандар эки жерден - кесилиштин эки тарабынан тартылып турушу керек, алардын учтарын якорлорго, түзүлүштөргө жана башкаларга бекитүү зарыл. Зымды (арканды) жай жана салмак менен көтөрүү керек.
41. Ток өтүп турган зымдардан, тростордон жогору жайгашкан зымдарда (тростоордо) жана ага байланыштуу зымчыныларда, арматуралардагы иштерди ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилген ИӨДдуннегизинде жүргүзүлүүгө тийиш. ИӨДдо зымдарды (тросторду) ылдый түшүрбөө жана илептикчыңалуудан коргоо чаралары каралууга тийиш. Зымдарды (тросторду) алмаштыруу жумуштарынаткарууда кайчылаш өткөн зымдардан чыңалууну алып салбастан алмаштырууга тыюу салынат.
42. Аба чубалгыларында чыңалуу классына карабастан жумушчуларга кесилиши кеминде 240 чарчы мм болгон зымдар жана кесилиши кеминде 70 кв. мм болгон тростор менен жүрүүгө,зымдар жана тростор жакшы техникалык абалда болгон шартта, б.а. титирөөлөрдөн, дат басуулардан жана башкалардан улам бузулбаган шартта уруксат берилет.Ажыратылган зымдар жана тростор менен жүргөнучурларда коопсуздук курларынын арканын аларга, ал эми атайын араба колдонулганда –арабага бекитүү керек.
Көпүрө түрундөгү крандынарабасынанмашина бөлмөлөрүнүн жана цехтердин төбөлөрүндө жайгашкан жарык берүүчү түзүлүштөрдү тейлөө иштаккагаз боюнча экиден кем эмес жумушчу актаруулары керек, алардын биринин коопсуздук тобу III кем эмес болушу керек жана тиешелүү иштерди аткарышы керек. Экинчи жумушчу иш актаруучуга жакын болуп, анын зарыл болгон коопсуздук чараларын сакташына көзөмөл жүргүзүүсү керек.
Убактылуу такталарды, тепкичтерди ж.б. көпүрө түрүндөгү крандынарабасына жайгаштырууга тыюу салынат. Жумушту түздөн-түз арабанын төшөмүнөнже төшөмгө орнотулган туруктуутакталарданжүргүзүү керек.
Көпүрө түрүндөгү крандынарабасына көтөрүлүүдөн мурун (асма) троллейлик зымдарынан чыңалууну алып салуу керек. Жумуш учурунда бийиктикте иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо керек.
Крандын машинисти көпүрөнү же арабаны иш жургузөөрдүнбуйругу боюнча гана жылдырууга тийиш. Кранды жылдыруу учурунда жумушчулар крандын кабинасында же көпүрөнүн төшөмүндөжайгаштырылуулары керек. Жумушчулар крандын арабасында болгон учурда көпүрөнү жана арабаны жылдырууга тыюу салынат.
43. Ишкерсан электр орнотмосунан электр чыналуусу үзгүлтүккө учурагандан кийин, анын эскертүүсүз кайра берилип калышын эстен чыгарбашы керек.
44. Караңгыда иш бөлүктөрү, жумуш орундары, өтүүчү жолдор жана аларга жакын жолдор жарыктандырылышы керек. Жарыктандыруу иштеп жаткан адамдарга жарык берүүчү түзүлүштөрдүнкөзгө чагылышпай бирдей болуп туруусун камсыз кылуусукерек. Жарык жок жерлерде иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
45. Күн күркүрөгөн учурда аба чубалгыларында, аба байланыш чубалгыларында, АБТ, ЖБТлардын чыгыштарында, аба чубалгылардынчубалгылык ажыраткычтарында, аба чубалгыларына кошулган кабелдик чубалгыларда, ошондой эле байланыш аба чубалгыларынын кириштеринде,байланыш түйүндөрүнүн бөлмөлөрүндө жана антенна-мунаралык курулуштардабардык жумуштар токтотулушу керек.
46. Электр чордондордун жана көмөкчордондордун энергетикалык жабдуулары иштеп турган бөлмөлөрдө (башкаруучулук, релелик, жана ушул сыяктуу башкакалканчыктардан тышкары), АБТ жана ЖБТ (ачык жана тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрүндө), кудуктарда, тоннелдерде жана траншеяларда, ошондой эле техникалык тейлөөдө жана аба чубалгыларынын капиталдык оңдоодо катышуучу баардык ишкерсандар коргоочу каскаларды колдонуулары керек.
47. Аба кыскычтарды (компрессордук), аба чогулткучтарды, аккумулятордук батареяларды жана дүрмөттөөчү түзүлүштөрдү тейлөөчү жумушчулар III коопсуздук тобуна ээ болууга тийиш.
48. Ишкананын же башка уюмдардын ишкерсандарынан бир гана кызматкер (ишсапар менен жиберилгенишкерсан катары) башкаруу калканчыгындажана БТдөорнотулган эсептегичтердин жана башка өлчөөчу приборлорунун көрсөткүчтөрүн кезметчининуруксаты менен жазууга болот. Жергиликтүү кезметчиишкерсан болгондо бул кызматкер II- коопсуздук тобуна , жергиликтүү кезметчи ишкерсан жокто Ш-топко ээ болушу керек.
49. Жер иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын КР СН 12-01:2018 санындагы «Курулуштагы эмгектин коопсуздугу» стандартынын «Жер иштери» боюнча 11-бөлүгүнүн талаптарын сактоо зарыл.
4-бөлүм. Уюштуруу иш чаралары
§ 3.Жалпы талаптар. Иштин коопсуз аткарылышы үчүнжооптуулар, алардын укуктары жана милдеттери
50. Ишти коопсуз жүргүзүү үчүн төмөнкү уюштуруу чаралары аткарылууга тийиш:
1) иштин коопсуз жүргүзүлүшү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо;
2) жумушту иштаккагаз, буйрутма менен, же утурумдукиштетип пайдалануудагыаткарылуучу жумуштун курамы менен тариздөө;
3) жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүү;
4)жумуш ордун даярдоо жана уруксат;
5) иштин аткарылышын көзөмөлдөө;
6) башка жумуш ордуна которуу; жумуштагы тыныгууларды каттоо жана аны токтотуу.
51. Иштин коопсуз жүргүзүлүшү үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:
1) иштаккагаз берүүчү, буйрутма чыгаруучу;
2) иш жетектөөчү;
3) жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам; 4) жумуш ордун даярдаган адам;
5) ишке киргизүүчү;
6) иш жүргүзүүчү;
7) байкоочу;
8) ишкертоп мүчөсү.
52.Иштаккагаз, буйрутма берүүчү коопсуз иштөөнүн зарылдыгын, көлөмүн жана мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Ал иштаккагазда (буйрутмада) көрсөтүлгөн коопсуздук чараларынын жетиштүүлүгү жана тууралыгы үчүн, бригаданын сапаттык жана сандык курамы, жана жумуштун коопсуз аткарылышы үчүн жооптуу адамдардын дайындалышы, иштаккагазда көрсөтүлгөн жумушчулардын топторунунаткарылуучу иштердин талаптарына ылайык келишине, ошондой эле жооптуу иш жетектөөчүгө (иш жүргүзүүчүгө, байкоочуга) максаттуу насааттаманын толуктугу жана сапаты үчүн жооп берет.
53.Иштаккагаз жана буйрутма берүү укугу ишкананын жана анын курамдык бөлүмдөрүнүн административдик-техникалык ишкерсандарынан V-топтогу кызматкерлерге берилет.
Кечиктирилгис жумуштарды аткарууда административдик-техникалык ишкерсандардын ичинен иштаккагаз жана буйрутма берүү укугу бар адамдар жок болгон учурда ал электр орнотмонун IV топтогу кезметчи ишкерсанынаиштаккагаз жана буйрутмаларды берүүгө жол берилет.
Бул учурларда кезметчи ишкерсанга иштаккагаз берүү укугу ишкананын жетекчилиги тарабынан жазуу жүзүндө таризделишикерек.
54.Иш жетектөөчүиштаккагазда көрсөтүлгөн бардык коопсуздук чараларынын аткарылышына жана алардын жетиштүүлүгүнө, ишкертопкоишке киргизүүчү жана иш жүргүзүүчү тарабынан берилген насааттаманынтолуктугуна жана сапатына, ошондой эле иштин коопсуздугун уюштуруу үчүн жооп берет.
1000 Втон жогорку чыңалуудагы электрорнотмолорунда ишжетектөөчүкатары V-топтогуадминистративдик-техникалык кызматкерлер дайындалышы керек, 1000 Вко чейинки электрорнотмолорунда IV- топтогуадминистративдик-техникалыккызматкерди дайындоого уруксат берилет. Иштин айрым учурларыиш жетектөөчүнүн үзгүлтүксүз көзөмөлү жана жетекчилиги астында аткарылууга тийиш болгон учурларда, бул тууралуу иштаккагаз берүүчү «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында жазып коюшу керек.
55. Жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам жабдууларды өчүрүү, жерге туташтыруу боюнча иштерди аткаруу үчүн каралган иш-чаралардын жетиштүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун мүмкүн болуусун, ошондой элеишке киргизилүүчүишкертоптордун иштеген жерлерин, убакыттарын шайкеш келтирүүгө жооп берет.
Жумуш ордун даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берген адам жумуш ордун даярдаган кезметчилергеже ыкчам-оңдооишкерсандарынын курамындагы адамдарга, ошондой эле ишке киргизүүчүлөргөжабдуулардагы өчүрүү жана жерге туташтыруу боюнча мурда жасалган иштер жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
Кызматтык насааттамаларга ылайык кезметчиишкерсандардынарасындагыIV - топтогукызматкерлер, ошондой эле ишкана боюнча көрсөтмөбоюнча ыйгарым укук берилген административдик-техникалык ишкерсандардын арасындагы кызматкерлер жумуш орундарын даярдоого жана ишке киргизүүгө уруксат берүүгө укуктуу.
56. Жумуш ордун даярдоочу адам иштаккагазда көрсөтүлгөн жумуш ордун даярдоо боюнча иш-чаралардын, ошондой эле иш шарттары боюнча талап кылынган иш-чаралардын (кулпуларды, плакаттарды, тосмолорду ж.б. орнотуу) туура жана так аткарылышы үчүн жооп берет.
Иш орундарын даярдоого ушул электр орнотмосундагыкезметчи же ыкчам-оңдоочуишкерсандардын ичиндегиыкчам өчүрүп күйгүзүүгө уруксат берилген жумушчулар укуктуу.
57. Ишке киргизүүчү адамиштаккагазда көрсөтүлгөн коопсуздук чараларынын тууралыгы жана жетиштүүлүгү үчүн, көрүлгөн чаралар жумуштун мүнөзүнө жана жерине ылайык келишине, ишке туура киргизилишке, ошондой эле берилген насаатаманын толуктугу жана сапаты үчүн жооп берет.
Ишке киргизүүчүлөркезметчи же ыкчам-оңдоочу ишкерсандардан дайындалышы керек, аба чубалгыларында Эреженин63-орунбелгисиндекөрсөтүлгөн шарттарды эске алуу менен ишке киргизүүлөрдөн тышкары. 1000 В жогору электр орнотмолорунда ишке киргизүүчү IV -топто, ал эми 1000 В чейинки электр орнотмолорунда III -топто болушу керек.
58. Иш жүргүзүүчү төмөнкүлөргө жооптуу:
1) даярдалган жумуш орду иштаккагаздын көрсөтмөлөрүнө ылайык келгендигине;
2) ишкертопмүчөлөрүнөберилген насааттаманынтак жана толуктугуна;
3)керек болгон коргоо каражаттардын, куралдардын, шаймандардын, жана аспаптардын барлыгына, жарактуулугуна жана туура пайдаланылышы үчүн;
4) жумуш ордундагы тосмолордун, белгилердин жана коопсуздук плакаттарынын, бекитүүчү түзүлүштөрдүн сакталышы үчүн;
5) иштин коопсуз аткарылышы жана ушул Эрежелердин сакталышы үчүн.
Иш жүргүзүүчү ишкертоптун мүчөлөрүн дайыма көзөмөлдөп, мас абалындагы ишкертоп мүчөлөрүн жумуштан четтетип турушу керек.
1000 В жогору электр орнотмолорундагы иштерди иштаккагаз менен аткаруучу иш жүргүзүүчү IV-топко, ал эми 1000 В чейинки электр орнотмолорунда III- топко ээ болууга тийиш, зыяндуу газдар пайда болушу мүмкүн болгон жер астындагы курулмалардагы жана чыңалуудагы жумуштарды кошпогондо, бул учурларда иш жүргүзүүчү IV- топко ээ болуусу керек.
Буйрутмабоюнча аткарылуучу иштердеиш жүргүзүүчүЭрежелердин 75-, 220- жана 436-орунбелгилерде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бардык электр орнотмолордо III- топко ээ болушу мүмкүн.
59. Электр орнотмолорунда өз алдынча иштөөгө уруксат берилбеген жумушчулардын ишкертопторуна жетекчилик кылуу үчүн байкоочу дайындалышы керек.
Байкоочу төмөнкүлөргө жооп берет:
1) даярдалган жумуш орду иштаккагаздынкөрсөтмөсүнө ылайык келгендиги үчүн;
2) жумуш ордунда орнотулган жерге туташтыргычтардын, тосмолордун, плакаттардын жана коопсуздук белгилеринин, иштеткилердин бекитүүчү түзүлүштөрүнун болушу жана сакталышы үчүн;
3) ишкертоптун мүчөлөрүнүн электр орнотмодогуэлектр тогуна урунуусуна байланыштуу коопсуздуктунсакталышына.
Жумуштун технологиясына байланыштуу коопсуздукту камсыздоогоишкертоптун курамына кирип жетектеген жана дайыма жумуш ордунда болууга тийиш болгон кызматкер жооптуу. Анын фамилиясы иштаккагаздын «Өзүнчө көрсөтмөлөр» сабында көрсөтүлөт.
Байкоочу болуп III-топтогу жумушчулар дайындалышы мүмкүн.
60.Ишкертоптун ар бир мүчөсү ушул Эрежелерди жумушкакиргизүү учурунда жана жумуш учурунда алынган насааттамалык көрсөтмөлөрдү, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча жергиликтүүнасааттамалардынталаптарын аткарууга милдеттүү.
61. Ишкананын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү менен анын кызматкерлерине укуктарды берүү таризделүүгө тийиш: иштаккагаз жана буйрутма берүүчу; иш жетектөөчү; иш жүргүзүүчү; ишке киргизүүчү (ыкчам-оңдоочу ишкерсандан), ошондой эле электр орнотмолорун жалгыз кароо укугу.
62. Иш жетектөөчүтөмөнкү жумуштарды аткарууда дайындалат:
1)АЧлардын коргоо чөлкөмүндөмеханизмдерди жана жүк көтөрүүчү машиналарды колдонуу учурунда;
2)ток өткөрүүчү бардык бөлүктөрдөн чыңалуу алынып салынган электр орнотмолорундагы,жөнөкөй жана түшүнүктүү түзмөктүү электр кошулмалары бар электр орнотмолорундагы, электр кыймылдаткычтарындагы жана алардын бөлүштүргүч түзүлүштөрүндөгү кошулмаларындагыжумуштарды кошпогондо, электр жабдууларын өчүрүү менен;
3)коммуникациялар жайгашкан жана унаалардын кыймылы күчөгөн чөлкөмдөрдөгү кабель чубалгыларында жана кабелдик байланыш чубалгыларында;
4)бардык түрдөгү түркүктөрдү орнотуу жана чечүү, аба чубалгыларынын бөлүктөрүн алмаштырууда;
5)аба чубалгыларынын башка аба чубалгылары жана унаажолдору менен кесилишкен жеринде, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (АБТ) зымдары кесилишкен аралыктарда;
6)жаңыдан курулган аба чубалгысынкошүү үчүн;
7) аба чубалгыларынын зымдарын жана тросторун кошуу схемаларын өзгөртүүдө;
8)көп чынжырлуу аба чубалгысынын өчүрүлгөн чынжырындабири-биринин үстүнө жайгаштырылган же чынжырлардын саны 2ден көп болгон бирже бардык башка чынжырлар чыналуу астында болгон учурларда;
9)бир убакта элеэки же андан көп ишкертоп иштеген учурда;
10)аба чубалгыларын фазалык оңдоо үчүн;
11)илептик чыңалуу бар жерде;
12)адамдыжерден каптамалоо (обочолотуу) менен ток өткөрүүчү бөлүктөрдөгү чыңалууну алып салбастан;
13)ДТБКжабдыктарына жана орнотмолоруна мунаралык өтмөктөрдү орнотууда, КБЧларды сыноо, ТТКЖжабдуулары менен иштөөдө, байланыш тыгыздоочторунун (конденсаторунун)жерге туташтыруучу бычагы кошулуп күйүзүлбөгөнкошулмаларчыпкаларында.
Иштаккагаз берүүчү,биринделген өтмөк тутумдуу экараланган жана экараланбаган айланып өткөн өтмөк тутуму жок 1000Втон жогорку чыңалуудагы БТлардагы, ошондой эле 1000 Вко чейинки баардык электр орнотмолорунда, АЧларда, КЧларда жана АКЧлардагы иштерди аткарган учурларда иш жетектөөчүнү дайыдабоого укуктуу.
Иш жетектөочүнү дайындоонун зарылчылыгыништаккагазберүүчү аныктайт, агажогоруда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка жумуштарга да иш жетектөөчүнү дайындоого уруксат берилет.
63. Жооптуу адамдардын бири- биринин милдеттеринин айкалыштырып иштөө2-таблицада көрсөтүлгөн.
Аба чубалгысында иш жетектөөчү же оңдоочу ишкерсандардан дайындалган иш жүргүзүүчүишке киргизүүчүнүн милдетин айкалыштырып иштөөсүнө,жумуш ордун даярдоо үчүн өчүрүп-күйгүзүүчү түзүлүштөрдү иштетүүсүз, жумуш ордундачыңалуунун жоктугун текшерүү жана алып жүрмө жердеткичтерди орнотуу зарыл болгон учурлардагана жол берилет.
2-таблица. Жооптуу адамдардын бири-биринин милдеттерин айкалыштыруу
Жооптуу адам | Айкалыштырылган милдеттер |
Иштаккагазберүүчү | Иш жетектөөчү Жергиликтүү кезметчиишкерсансызэлектр орнотмолорундагыишке киргизүүчү |
Иш жетектөөчү | Иш жургүзүүчү |
Ыкчам-оңдоо ишкерсандын ичинен иш жетектөөчү |
Жергиликтүү кезметчи ишкерсансыз Электр орнотмолорундагыишке киргизүүчү |
Ыкчам-оңдоочу ишкерсандын ичинен иш жүргүзүүчү |
Жөнөкөй жана көзгө көрүнөөтүзмөктүү электр орнотмолорундагы ишке киргизүүчү |
IV- топтогу иш жүргүзүүчү |
129-орунбелгиде каралган учурлардагыишке киргизүүчү |
Ыкчам-оңдоо ишкерсандын ичинен ишке киргизүүчү |
Ишкертоп мүчөсү |