Загрузка документа…
2-Тирекеме
(Кыргыз республикасынын
Финансы министрлигинин
2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-Б
буйругуна ылайык)
Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары
(КР Финансы министрлигинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 225-Б буйругуна ылайык)
§ 1. Алкактык макулдашуунун типтүү формасы
Алкактык макулдашуу
Бул макулдашуу 20___ -жылдын _______ айынын _______ числосунда бир тараптан _______________(мындан ары “Сатып алуучу уюм/Агент” деп аталган сатып алуучу уюмдун аталышы) жана экинчи тараптан ____________________ (Берүүчүнүн шаары жана өлкөсү) ________________________ (мындан ары “Берүүчү” деп аталган берүүчүнүн аталышы) ортосунда түзүлдү, тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Сатып алуучу уюм/Агент “___”_____ 20__-ж (кулактандыруунун датасын көрсөтүү) сатып алуулар №_________ (кулактандыруунун номери) жарыялаган ___________________ сатып алуулар (сатып алуу предметинин кыскача сыпаттамасы) сатып алуунун негизинде жана Берүүчүнүн сунушун алкактык макулдашуунун тарабы деп тааныды.
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Тараптар ушул Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып “___”_______20__- ж. чейин Сатып алуучу уюм/Агент уюштурган сатып алуунун экинчи этабынын жеңүүчүсү болгон Берүүчү аныкталган шартта, макулдашуунун предметин берүү үчүн контракт түзүү ниетин билдиришет.
1.2. Сатып алуучу уюм/ Агент ушул Макулдашуунун 1.1 пунктунда белгиленген мезгилдин ичинде сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча ушул сыяктуу алкактык макулдашуулар түзүлгөн башка адамдар менен катар, Берүүчүнү алкактык макулдашуунун тараптарынын арасында атаандаштыкты өткөрүү үчүн экинчи этапка катышууга чакырууга милдеттенет.
1.3. Берүүчү ушул макулдашуунун 1.1 пунктунда белгиленген мезгил ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталы аркылуу расмий чакыруу шартында, Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан өткөрүлүүчү экинчи этапка катышууга (анын ичинде-сатып алуу жөнүндө документтерде аныкталган тартипте жана шарттарда өз сунушун берүүгө) милдеттенет.
1.4 Экинчи этапка чакырууда Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү маалыматты көрсөтөт:
- Кыргыз Республикасындагы салыкты төлөө карыздары жана камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтарды берүү талабы. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн - келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы жөнүндө маалымат;
- сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
- эгерде сатып алуу лотторго бөлүнсө, сатып алуу бюджети ар бир лоттун бюджетин, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санын (көлөмүн) жана сатып алуу предметинин өлчөө бирдигин көрсөтүү;
- берүүлөрдүн, жумуштарды, кызматтарды аткаруунун, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө кепилдиктердин мөөнөтү;
1.5. Берүүчү тарабынан тандоонун экинчи этабына катышууга сунуш берилбеген учурда, Сатып алуучу уюм/Агент бир алкактык макулдашуунун алкагында кийинки сунуштарды берүүгө чакыруу милдеттенмесинен бошотулат.
1.6 Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда Берүүчүнү экинчи этапка катышууга чакырбоого укуктуу: