Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН

2016 жылдын 6 ноябрындагы № 190 токтомуна ылайык

КУЧУН ЖОГОТТУ

деп табылсын

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2012-жылдын 10-октябры № 119

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун жана жыйынды таблицалардын формаларын бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицалардын формалары бекитилсин (тиркелет).

2. Протоколдор атайын коргоочу кагазда, мамлекеттик жана расмий тилдерде, тиркелген разнарядкага ылайык даярдалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов