Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 99
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоо процессин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы № 77 токтому менен бекитилген "Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар жөнүндө Планын" аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2016-жылдын 15-февралындагы № 28 буйругу менен макулдашылган |
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБОСУ
(КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-октябрындагы № 172, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 99 токтомдорунун редакциясында)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" ушул Жобо (мындан ары - Жобо) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - МКК) шайлоочулардын тизмесин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмеси менен тааныштыруу, шайлоочулардын тизмесинде алардын жоктугу жөнүндө арыздарын кароо, андагы катачылыктар же так эместиктер, добуш берүү күнүндө шайлоочуларды идентификациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө оперативдүү чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
1.2. Ушул Жобонун максаты жалпы шайлоо укугун, жарандардын шайлоо укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу жана адилет, ачык шайлоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.
2. Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана өткөрүп берүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн тартиби
2.1. Шайлоочулардын укугун жүзөгө ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында МКК ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесин түзөт.
БШК добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбей шайлоо участокторунун чектерин бекитет жана шайлоо участогунун номерин жана аталышын көрсөтүү менен МККга өткөрүп берет.