Редакцияот 24.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 24-апрели УӨ № 22

 

Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна  шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы  менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

 

Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

      Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева