Редакцияот 28.04.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-апрели № 49                          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ               Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган                  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-Мамлекеттердин                өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда               жардам көрсөткөн учурда өз ара аракеттенүү жөнүндө                       макулдашууну ратификациялоо тууралу    1-статья. Москва шаарында 2005 - жылдын 26 - октябрында кол  коюлган  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө - мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөткөн учурда өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.      2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол - жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.      3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.   2007 - жылдын 22 - мартында             Кыргыз Республикасынын Жогорку                                        Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти                                        К. Бакиев