Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 4-августу № 183
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11, 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында негизги багыттарды белгилейт.
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу (мындан ары - азык-түлүк коопсуздугу) - республиканын азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылган жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн кепилдеген Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
2) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдеринин деңгээлинде калк үчүн негизги тамак-аш азыктарынын табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча экономикалык, уюштуруучулук жапа башка чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
3) азык-түлүк кризиси - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же олуттуу бөлүгүндө тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдерине ылайык калкты негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу коркунучта турган жана бул коркунуч мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу менен гана четтетилиши мүмкүн болгон кырдаал;
4) өзгөчө азык-түлүк кырдаалы - Кыргыз Республикасынын аймагынын олуттуу бөлүгүндө керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген көлөмдө негизги тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу коркунучта турган, азык-түлүк менен камсыздоону турукташтыруу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чараларын кабыл алууну талап кылган шарттар;
5) тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдери - адамдын генотибинде бекемделген физиологиялык-биохимиялык процесстерди оптималдуу ишке ашырууну камсыз кылуучу тамак-аш жана биологиялык активдүү заттардын зарыл болгон келип түшүүсүнүн орточолонгон чоңдугу;
6) тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн зарыл болгон деңгээли - калктын жашы, жынысы, эмгек шарттары, климат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган тамак-аш рационунун башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүрүү түзүмүн эске алуу менен калктын жан башына негизги тамак-аш азыктарына болгон орточо керектөөсүнүн негизинде эсептелген, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн негизги тамак-аш азыктарын жана тамак-аштын чийки заттарын өндүрүү деңгээли;
7) тамак-аш азыктарынын табигый жеткиликтүүлүгү - калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш азыктарынын керектөөчү жерлерге үзгүлтүксүз келип түшүүсү;
8) тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү - калктын, анын ичинде анын социалдык жактан аялуу катмарынын тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык колдонуудагы керектөө түзүмүндө, баа тутумунда, кирешелердин деңгээлинде, социалдык жөлөк пулдар болгондо сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
9) өзгөчө режим - Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечими менен белгиленүүчү өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болгон учурда аракеттенүү мезгилинин белгилүү бир убактысы;
10) калктын туура тамактануусу - калктын маданий салттарына ылайык келген, ден соолукту чыңдоого жана оорулардын алдын алууга өбөлгө түзүүчү, сапаты жана саны боюнча шайкеш келген коопсуз тамак-аш;
11) мамлекеттик азык-түлүк резерви - азык-түлүк товарларынын азайтылбас жана ыкчам запасынан турган, өзгөчө азык-түлүк кырдаалынын шарттарында базардагы таңсыктын алдын алуу жана аларды пайдалануу үчүн арналган мамлекеттик материалдык резервдин бөлүгү;
12) азык-түлүк көз карандысыздыгы - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу шарты, ал аткарылганда чет өлкөдөн тамак-аш азыктарын берүү токтотулган учурда өзгөчө азык-түлүк кырдаалы пайда болбойт;
13) импортту алмаштыруу - чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана ички рынокто ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө дем берүү боюнча мамлекеттик саясат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдар
Азык-түлүк коопсуздугунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле алардын негизинде чыгарылган башка ченемдик укуктук актылар саналат.
(КР 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)