Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2008-жылдын 17-октябры № 227 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу 2008-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 146-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судь-яларынын кызмат орундарына шайлоо жөнүндө маселени бир жыныстагы адам-дардын өкүлдөрүнүн анын курамында жетимиш пайыздан ашпоосун эске алууменен жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын жанаТөрагасынын орун басарын дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселениКыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алынган учурдан тартып14 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.". 2. 156-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палата-сынын аудиторлорунун бүткүл курамын" деген сөздөрдөн кийин ", бир жы-ныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жетимиш пайыздан ашпоосун эсепке алуу ме-нен" деген сөздөр менен толукталсын. 3. 157-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын жарымын бир жыныстагыадамдардын өкүлдөрүнүн жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу менен шай-лайт.". 2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев