Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 18-декабры № 267
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277, 2011-жылдын 30-июнундагы № 67, 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2012-жылдын 13-июлундагы № 110, 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2013-жылдын 13-декабрындагы № 220, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151, 2016-жылдын 21-октябрында № 169, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191, 2016-жылдын 3-декабрындагы № 193, 2017-жылдын 22-февралындагы № 33, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 204, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 , 2025-жылдын 11-мартындагы № 52 , 2026-жылдын 11-июнундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ишинин негизги принциптерин жана кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Жогорку Кеңештин депутаты
1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык партиялык тизмелер боюнча шайланган жана Конституцияда, ушул Мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарды Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген, 21 жаш курагынан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат оруну Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку саясий мамлекеттик кызмат оруну болуп саналат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Жогорку Кеңештин депутаты беш жылга шайланат.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй мазмундагы ант кабыл алынган күндөн тартып башталат:
"Мен, ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант берем".
Антты кабыл алууда анын текстинен жана ант берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт.
3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган мөөнөтүнөн мурда токтотуу учурларынан тышкарыда. Жогорку Кеңештин тийиштүү чакырылышынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.
(КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110 , 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу