Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 7-апрели № 119
Маданият жөнүндө
(КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 111, 2016-жылдын 29-июнундагы № 92, 2017-жылдын 18-мартындагы № 47, 2026-жылдын 17-июлундагы № 112, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам маданият жаатындагы ишти өнүктүрүүнүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, чыгармачылыктын эркиндигин камсыз кылуу, маданият жаатындагы кесиптик жана ышкыбоздук ишти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданий баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Маданият - адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардын жыйындысы.
Искусство - адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү, графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды, кинону жана башка адамзат ишинин түрлөрүн камтыган тиричиликтин формасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык.
Маданият жаатындагы иш - маданий баалуулуктарды сактоого, түзүүгө, жайылтууга жана маданий баалуулуктарды пайдаланууга жана маданий жыргалчылыктарды берүүгө багытталган иш.
Маданий баалуулуктар - адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар, жүрүм-турумдун нормалары жана үлгүлөрү, тил жана диалектилер, улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөм өнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар, буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учуроочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жана методдору.
Маданий жыргалчылык - жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эстетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр.
Маданий деңгээл - адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттын нормалары менен баалуулуктарын өздөштүрүүдөгү иштин натыйжасында жетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жалпылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү деңгээли.
Чыгармачыл кызматкер - маданий байлыктарды түзгөн же чечмелеген, өзүнүн чыгармачылыгын өмүрүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеген, чыгармачыл кызматчы катары таанылган же таанылышын талап кылган жеке адам.
Маданият кызматкери - өзүнүн кесиптик ишин маданият жана искусство мекемелеринде жүргүзгөн жеке адам.
Кыргызстандын элинин маданий мурастары - элдин улуттук-маданий өз алдынчалыгын, анын дүйнөлүк цивилизацияга салымын сактоо жана өнүктүрүү үчүн мааниси бар материалдык жана материалдык эмес байлыктар.
Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объекттери - тарыхый-маданий жана жаратылыш комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана курулмалар, маданият уюмдары, ошондой эле тарых, археология, маданият, архитектура, илим жана искусство көз карашынан алганда эталондук же уникалдык мүнөздөгү материалдык, интеллектуалдык көркөм баалуулуктагы башка объекттер.
Фольклор - Кыргызстандын калкынын же анын айрым индивидуумдары тарабынан маданий салттарга негизделип түзүлгөн жана сакталып келген салттуу баалуулуктарды, дүйнө таанымды, Кыргызстандын маданий мурастарынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын маданий жана социалдык өз алдынчалыгын чагылдырган чыгармалардын жыйындысы.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүк - фольклордук көркөм буюмдарды жасап чыгаруу, элдик көркөм чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири.