Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2009-жылдын 23-январы № 17

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

           "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга

          киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

                       толуктоо киргизүү тууралу

 

     2008-жылдын 26-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүн-

дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жылдын

22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

     Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:

     "8-1-берене.

 

     Салык төлөөчүлөргө 2009-жылы салыктарды Кыргыз Республикасынын Са-

лык кодексинин 56-главасында  каралган  салыктык  контрактын  негизинде

төлөө укугу берилсин.

     Мында:

     - салык төлөөчү салыктык  контрактка  өтүү  айынан  мурунку  айдын

1инен  кечиктирбестен  салык  органдарына тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз

берет;

     - контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн са-

лык мезгили болуп, календардык жылдын аягына чейин контрактка колдонула

баштаган күндөн тартып өткөн мезгил эсептелери белгиленсин."

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев