Редакцияот 15.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2009-жылдын 15-июлу № 211

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө  Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-экономикалык кызматташтык  чөйрөсүндө жарнактык-көргөзмө жагында өз ара аракеттенүү тууралуу Макулдашууну

ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы аскердик-экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө жарнактык-көргөзмө жагында өз ара аракеттенүү тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралу билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын            Президенти

 

К.Бакиев