Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык

2019-жылдын 1-январынан тартып

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары

2009-жылдын 26-майы № 168

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

          "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

                 Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

 

    2009-жылдын 24-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

 

     "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору,  1994-ж.,  №  5,

157-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

     "Төлөмдөр" деген III бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 19-1-статья ме-

нен толукталсын:

     "19-1-статья. Лотереялык ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөм

 

     Лотереялык ишмердикти  жүзөгө  ашыруу  укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү,

тартиби жана төгүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бел-

гиленет.

     Лотереялык ишмердикти  жүзөгө ашыруу укугу үчүн түшкөн сумма өткө-

рүлүүчү лотереянын түрүнө жана лотереяны уюштуруучунун мамлекеттик кат-

тоодон өткөн жерине жараша Кыргыз Республикасынын республикалык же жер-

гиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө которулат".

 

     2-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

     3-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан баштап үч ай өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев