Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 13-майы УӨ № 34
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча атайын өкүлү жөнүндө
Өлкөнүн түштүк регионунда башкарууну натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча атайын өкүлүнүн милдеттери Кыргыз Республикасынын коргоо министри И.Исаковго жүктөлсүн.
2. Социалдык-саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлдүн чечимдери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы бардык жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, борбордук бийлик органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү экендиги белгиленсин.
Кадрдык маселелер боюнча атайын өкүлдүн тиешелүү чечимдери жогоруда аталган облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
3. Атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечими менен токтотулат.
4. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |