Бишкек шаары2010-жылдын 20-майы УӨ № 41 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын суу чарба комплексин жана суу ресурстарынбашкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1
Декретин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ал-дындагы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация" мамлекеттик ишка-насынын базасында Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация бо-юнча мамлекеттик комитети түзүлүп, ага мамлекеттик маанидеги бардык суусактагычтардагы суунун көлөмүнүн толтурулушуна жана иштетилишине мони-торингди жана мамлекеттик контролду камсыздоо жагындагы функцияларөткөрүп берилсин. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамле-кеттик комитети (мындан ары - Комитет): Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө кирээри, Коми-теттин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн курамынакирээри; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында-гы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация" мамлекеттик ишканасынынукуктук мураскери болуп эсептелээри; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декрет-ке каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулаары; - Комитет мурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигининСуу чарба департаменти ээлеген, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 4"А" дарегиндеги имаратка жайгашаары. 3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамле-кеттик комитети төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бе-китүүгө киргизсин: - бир айлык мөөнөттө - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстарминистрлигинин алдындагы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация"мамлекеттик ишканасынын бекитилген сметасынын жана штаттык санынын че-гинде Комитеттин жобосунун, түзүмүнүн, башкаруу схемасынын жана штаттыксанынын долбоорлорун; - Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясынын долбоорун. 4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги өзүнүннормативдик укуктук актыларын ушул Декретке ылайык келтирсин. 5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева