Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 112

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтому менен Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылган эмес, ошондуктан Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген эмес.

Бирок 2012-жылдын 19-декабрында "Эркин Тоо" газетасына жарыяланган жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын тизмесинин № 2-тиркемесине Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңеши укукка жат түрдө киргизилип калган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтому менен бекитилген Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын тизмесинин № 2-тиркемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин 2, 3-шайлоо округдары алып салынсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов