Редакцияот 27.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 27-июлу УӨ № 111

 

Москва шаарында 2004-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык/  шериктештигинин Антикризистик фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Антикризистик фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги атаган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетине билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

     Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева