Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 89 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ 2005-жылдын 19-октябрында Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Башкы конференциясында кабыл алынган Спортто допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 19-октябрында Париж шаарында Би-риккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюн-ча Башкы конференциясында кабыл алынган Спортто допингге каршы күрөшүүжөнүндө эл аралык конвенцияга кошулсун. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги депози-тарий болгон ЮНЕСКОнун Башкы директоруна кошулгандык жөнүндө грамотанысактоого жиберсин. 3-берене. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева