Редакцияот 27.01.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 27-январы № 10

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу Макулдашууга толуктоолор киргизүү жөнүндө Экинчи Протоколду ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу Макулдашууга толуктоолор киргизүү жөнүндө Экинчи Протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги көрсөтүлгөн Экинчи Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев