Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 16-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө казак тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |