Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 17-февралы № 31
Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө казакстандык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |