Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 18-марты № 53
Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү)(DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа Коомчулугунун ортосундагы "Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү) (DCI-ASIE/2009/020-592)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Европа Коомчулугунун Комиссиясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |