Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 18-марты № 54
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү (ирригация) (DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомчулугунун Комиссиясынын ортосундагы "Айыл жеринде инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү (ирригация) (DCI-ASIE/2008/019-238)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Европа Коомчулугунун Комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |