Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 4-марты № 75
Исламдык конференция уюмунун иммунитеттери жана артыкчылыктары жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу
1-берене.
Стамбул шаарында 1976-жылдын 12-15-майында кабыл алынган Исламдык Конференция Уюмунун иммунитеттери жана артыкчылыктары жөнүндө конвенцияга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Исламдык Конференция Уюмунун Башкы Секретариатына жогоруда аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |