Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 11-марты № 79
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 3-пунктунда:
"Айыл, поселок кеңештеринин" деген сөздөр "Айылдык округдун, поселоктун, шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; "ошондой эле шаар чектериндеги" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- айылдык округдун чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;";
төртүнчү абзацтагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр алын салынсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтар алып салынсын;
жетинчи абзацтагы "жана тескөөнү" деген сөздөр алып салынсын;
"айылдык жана поселкалык кеңештин" деген сөздөр "айылдык округдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 13-статьяда:
статьянын аталышындагы "Айылдык, поселкалык кеңештин аткаруу органынын" деген сөздөр "Айылдык округдун, поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;