Редакцияот 30.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 30-марты № 114

 

Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Испания Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Испаниянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 15-январындагы № 16/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/247 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө

 

1-берене. 

 

Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Испания Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Испаниянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын 15-январындагы № 16/2002 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/247 жооп нотасы денонсациялансын.

 

2-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Испаниянын Өкмөтүнө ушул мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Макулдашуу денонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене. 

 

Ушул мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев