Редакцияот 17.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 17-апрели № 128

 

"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 4-июль, 2001-жыл, № 48) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

12-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалын контролдоо тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев