Редакцияот 03.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 3-июлу № 200

Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Ратификациялансын:

Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколу (Чикаго, 1944-жыл);

Монреаль шаарында 1947-жылдын 27-майында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 93 bis беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу;

Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 45-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу;

Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а), 49 (е) жана 61-беренелерине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу;

Рим шаарында 1962-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а)-беренесине оңдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү депозитарий болуп эсептелген, Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти тууралу протоколду (Чикаго, 1944-жыл) Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны депонирлөөгө берсин;

- Жогоруда аталган протоколдорду Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө грамоталарды депозитарий болуп эсептелген Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна депонирлөөгө берсин.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев