Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 16-ноябры № 297
Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө Келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө депозитарийге кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев
|