Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 4-апрели № 10
Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |