Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-апрели № 12
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Көрсөтүлгөн Макулдашуунун 23-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу боюнча компетенттик орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттик орган жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |