Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-апрели № 14
Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында
кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түрк тарапка ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун кыргыз тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |