Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-апрели № 16
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелер саламаттык сактоо жана айыл чарба жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар болуп саналат.".
3. 11-статьяда:
7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жазык-аткаруу тутумунун органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери аскер кызматчыларынан кургак учук табылганда алардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы диспансерлерге (бөлүмдөргө, кабинеттерге) маалымдоого милдеттүү.";
8-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер жана жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 13-статьянын 2-бөлүгүндөгү "тиешелүү санитардык эрежелерге" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 16-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.