Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 27-июну № 57
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Техникалык регламенти
1-берене. Ушул Техникалык регламентти кабыл алуунун максаты
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" ушул Техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жагында керектөөчүлөрдү адаштыруучу иштерди болтурбоо максатында кабыл алынат.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Техникалык регламент:
1) имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу (инженердик изилдөөлөр менен кошо), куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин кайра өзгөртүүдөгү, демонтаждоодогу жана бузуудагы эң төмөнкү зарыл талаптарды белгилейт;
2) имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдуу системаларына талаптарды белгилейт;
3) имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында курулуучу турак жана коомдук имараттарга жана курулмаларга, өнөр жай, айыл чарба, суу чарба, айылдык жана шаардык чарба ишканаларынын имараттарына жана курулмаларына, транспорттун жана байланыштын, энергетиканын курулмаларына, гидротехникалык жана ирригациялык курулмаларга жайылтылат.
3. Ушул Техникалык регламент жарылгыч заттарды жана жардыруу каражаттарын өндүрүү жана сактоо үчүн арналган имараттарга жана курулмаларга, шахта үстүндөгү имараттарга, тоо кенин иштетүү, ошондой эле мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы чөйрөсүнө тиешелүү имараттарга жана курулмаларга жайылтылбайт.
4. Ушул Техникалык регламентти колдонуу максатында имараттар жана курулмалар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, категориясы боюнча - ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык идентификацияланат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламенттин максаты үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: