Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-июну № 59
"Манас" эпосу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 , 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
1-берене. "Манас" эпосунун үчилтиги
1. "Манас" эпосунун үчилтиги айтылуу баатыр Айкөл Манастын, анын уулу Семетейдин жана небереси Сейтектин кыргыз жерин бөтөн жердик баскынчылардан коргоо, элди жалпы биримдикке бириктирүү, кыргыз элинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын, анын руханий, адеп-ахлактык, маданий, улуттук жана башка жалпы адамзаттык баалуулуктарын сактоо үчүн жасаган эрдиктери жөнүндө баяндайт.
2. "Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат.
3. "Манас" эпосунун үчилтиги кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык мурасы болуп саналат.
4. "Манас" эпосунун үчилтигинин муундан муунга өтүшү жана өнүгүшү айтуучулар - манасчылар аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. "Манас" эпосунун училтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) маданий мурас - элдин көркөм чыгармачылыгынан жаралган, муундан муунга баалуу дөөлөт катары өткөрүп берилүүчү материалдык жана материалдык эмес руханий маданият;
2) интеллектуалдык мурас - манасчы-айтуучулар тарабынан түзүлүп, өнүгүп жана салттуу баалуулуктардын мурасы катары муундан муунга өткөрүлүп берилүүчү оозеки баяндоо формасы;
3) манасчы - "Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу;
4) эпикалык мурас - элдин социалдык жана тарыхый жашоосун чагылдыруучу, улуттук идеяны жана улуттук идеологияны, ошондой эле өткөн муундун баалуулуктарын туюндуруучу, эпикалык поэзия же проза формасында баяндалган же жазылган баатырдык баян.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Ушул Мыйзамдын максаты "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, мамлекеттик коргоо жана калкалоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, алар төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, коргоо жана калкалоо боюнча чараларды жана атайын жоболорду аныктоо;
- "Манас" эпосунун үчилтигин коргоо жана колдонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын коом алдындагы укуктарын жана милдеттерин жол-жоболоштуруу;
- "Манас" эпосунун үчилтигинин укуктук статусун бекемдөө;
- Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу катары "манасчы" статусун бекитүү;
- "Манас" эпосунун үчилтигин кеңири пропагандалоо үчүн идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий чараларды кабыл алуу.
(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)