Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-июну № 60
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарды жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарды жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |