Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-июну №61
Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |