Редакцияот 08.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 8-июлу № 85

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык

издөө жөнүндө Келишимин ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишими ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан компетенттүү органдар болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансы полициясы кызматы аныкталсын.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

 

4-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева