Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 142
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент
(КР 2014-жылдын 2-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I БӨЛҮМ ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуунун максаттары жана чөйрөсү
1. Ушул Техникалык регламент жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, коргоо объекттерине, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга болгон өрт коопсуздугунун жалпы жоболорун белгилейт.
2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ушул Техникалык регламенттин жоболору төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:
курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө;
өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган атайын техникалык регламенттерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда, коргоо объекттерине техникалык документтерди иштеп чыгууда.
3. Атайын арналыштагы коргоо объекттерине, анын ичинде аскердик арналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана өндүрүү, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Техникалык регламент менен катар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугунун талаптары да кошумча сакталууга тийиш.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында камтылган негизги түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
авариялык эшик - эвакуация жолуна, түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу эшик (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча эшик катары колдонулат, бирок өрт учурунда адамдарды коопсуз эвакуация кылуу шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана эшиктеринин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт;