Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 8-августу № 149
Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 119, 2014-жылдын 19-июлундагы № 145, 2015-жылдын 13-январындагы № 9, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2016-жылдын 14-июнундагы № 80, 2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2017-жылдын 15-июлундагы № 126, 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2022-жылдын 30-июнундагы № 52, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 25-июнундагы № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы табигый монополияларга карата мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин аныктайт жана керектөөчүлөр үчүн керектөөчүлөр менен өздөрү саткан товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган табигый монополиянын субъекттеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишине, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүнө багытталган.
2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам табигый монополиянын субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан Кыргыз Республикасынын рынокторундагы келип чыккан мамилелерге жайылтылат.
Табигый монополия чөйрөсүндөгүлөрдүн атаандаштык рыноктук абалга экономиканын такталган жолу менен өтүүсүнө тоскоолдук кылууга жол берилбейт.
21-берене. Табигый монополиялардын чөйрөлөрү
Табигый монополиялардын чөйрөлөрү болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) мунайды жана мунайзаттарын магистралдык түтүк өткөргүчтөр аркылуу ташуу;
2) жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү, сактоо жана сатуу;
3) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу, берүү;
4) улуттук энергия тутумун оперативдүү-диспетчердик башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
5) борборлоштурулган суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү;
6) жалпы пайдалануудагы электр байланыш жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
7) темир жол ташуулары;
8) эл аралык жана транзиттик учууларды аэронавигациялык тейлөөнү кошпогондо, учууларды аэронавигациялык тейлөө;