Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 8-августу № 150

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:

"Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү "Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте белгиленет";

5, 7-9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.

 

2-берене.

 

"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

21-статьянын 2-бөлүгүндө:

экинчи сүйлөмдөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык" жана ", ошондой эле "жаш окутуучуларга берилүүчү жеңилдиктерге" деген сөздөр алып салынсын:

үчүнчү сүйлөм алып салынсын.

 

3-берене.

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

32-статьяда:

2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:

"Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет";

9-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

 

4-берене.

 

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

20-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева