Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-ноябры № 207
Вашингтон шаарында 2011-жылдын 25-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүнү колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Вашингтон шаарында 2011-жылдын 25-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүнү колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |