Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-декабры № 245
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 185-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кыркка чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "экинчи жана үчүнчү" деген сөздөр "үчүнчү жана төртүнчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;